Түрк басма сөзү 8.12.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2073996
Түрк басма сөзү  8.12.2023

"Ватан" гезити  "Эрдоган: Түркия - Греция катары дүйнөгө үлгү болууну каалайбыз" деген кабарында президент  Режеп Таййип Эрдогандын Грециянын премьер  - министри Кирякос Мицотакис менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында: «Эгей деңизин тынчтык жана кызматташтык деңизине айлантууну каалайбыз. Түркия жана Греция катары орток кадамдарды таштайбыз, ортобузда чечилбей  турган маселе жок",- дегенин билдирген. 

"Стар" гезити "Эрдогандан Мицотакиске Лаврион лагери тууралуу эскертүү" деп билдирип, президент Эрдогандын Греция тарабынан жабылган Лаврион лагерине байланыштуу : «Лаврион лагеринин жабылышын өзгөчө кубануу менен кабыл алдык. Грецияда террористтерге баш калкалоочу мүмкүнчүлүгүн берген ушуга окшош лагерлердин түзүлүшүнө жол бербөө үчүн этият болуу керектигин баса белгиледим",-  дегенин жазган..

"Сабах" гезити  "Кожадан Газадагы талаа ооруканасы тууралуу билдирүү" деген макаласында Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын Газада жеринде медициналык кызмат көрсөтүүнү максат кылгандарын баса белгилеп, Газадагы үч отурукташуу жеринин инфраструктуралык жактан ылайыктуу эместигин, Рефах чек ара дарбазасына жакын төртүнчү отурукташуу үчүн техникалык-экономикалык изилдөөлөрдүн жүргүзүлгөнүн айтканын белгилеген.Төртүнчү пункттун талаа ооруканасы үчүн ылайыктуу болорун ойлогондорун белгилеген Кожа, бул темада Израиль жана Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлери менен макулдашкандарын билдирди. 

"Хабер түрк" гезити «Түркиянын 11 айлык анчоус экспорту 20 пайызга өстү» деп билдирип, Түркиядан январь-ноябрь айларында анчоус экспорту 20 пайызга өсүп 12 миллион 202 миң 980 долларга жеткенин баяндаган.

"Хүррийет" гезити "Эзине сыры Европа Биримдигинде катталды" деген маалыматында Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажырдын  Чанаккаленин өзгөчөлөнгөн даамдарынын бири болгон Эзине сырынын Европа Биримдигине  катталганын айтканын жарыялады.

 

 



Тектеш кабарлар