Түрк басма   сөзү  05.12.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2072690
Түрк басма   сөзү  05.12.2023

«Ватан» гезити «Эрдоган : Батыш кыргындарга көр жана дүлөй болуп жатат» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилдин Газа кыргындарынын батыштын да чыныгы жүзүн көрсөткөндүгүн айтканын жазган. Эрдоган : «Батыштык  өлкөлөр дагы көп баланы өлтүрүү үчүн Израилге шартсыз колдоо көрсөтүүдө»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Нетаньяху Милосевич сыяктуу соттолушу керек» деп жазып, президент Эрдогандын Газа касабы Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун согуштук кылмышкер болуудан башка Сребреница кыргыны менен айыпталган Сербиянын мурдагы президенти Слободан Милосевич сыяктуу соттолорун белгилегенин билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан Израилге эскертүү» деген макаласында түрк чалгындоо булактарынын Израилдин Түркия жана Палестина тышында жашаган Хамас мүчөлөрүн бутага аларына байланыштуу эл аралык басма сөздө орун алган кабарларга жана израилдик жетекчилердин бул тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу керектүү эскертүүлөрдүн берилгендигин, тескери мамиленин олуттуу жыйынтыктарды жарата тургандыгын маалымдаган.

«Стар» гезити «4 түрк гиганты тизмеге кирди» деп жазып Стокгольм эларалык тынчтык келишимдери институтунун биринчи  100 коргонуу өнөр жайы фирмасынын тизмесине  4 түрк фирмасынын киргендигин белгилеген. Тизмеде  АСЕЛСАН 60, Байкар  76, Түрк авиациялык космостук өнөр жайы  82 жана Рокетсан 100 -  орунду алды.

«Йени шафак» гезити «Стамбул аэропорту кызмат кыла турган  100 -  аба жолу  фирмасы Air China» деген маалыматында Таиланддын аба жолу фирмасы Thai Airways тарабынан каттамдардын башталышы менен 99 - аба жолун тейлеген Стамбул аэропортуна карата аба жолдорунун кызыгуусу уланып жаткандыгын жазган. Аэропорттон учкан 100 -  аба жолу фирмасы  Air China болду. Биринчи этапта Air China Пекинден Стамбулга өз ара каттамдарын аткарат.



Тектеш кабарлар