Түрк басма сөзү 1.12. 2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2071357
Түрк басма сөзү 1.12. 2023

«Хабер түрк» гезити «Политико президент Эрдоганды  «2024 Европанын эң күчтүү кишилеринин арасында көрсөттү» деген кабарында борбору АКШ болгон Политиконун Европадан  28 ысымды 3 башка категорияда «2024  Европанын эң күчтүү кишилери» тизмесине алгандыгын жазган. Политико «ортомчу» деп мүнөздөгөн президент Режеп Таййип Эрдоганды да тизмеге алды.

«Йени шафак» гезити «Министр Тунчтан террор менен күрөшүү боюнча билдирүү» деген макаласында юстиция министри Йылмаз Тунчтун : «Түркия ушул кезге чейин болгондой эле мындан кийин да юстициялык  кызматташуу тууралуу эл аралык мыйзамдан келип чыккан милдеттерине баш ийет. Маектештерибизден да ошондой эле чын ыкластуулукту жана чечкиндүүлүктү күтөбүз»,- дегенин белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Болат : Түркия эң ылдам өскөн экономика болду» деп жазып,  Соода министри Өмер Болаттын  2023 -  жылдын үчүнчү чейрегинде  5,9 пайыздык катнашта ички дүң продукциянын өсүүсү менен 13 чейректен бери үзгүлтүксүз жогорку өсүү көрсөткүчүн сактап келгенин белгилеп: «Түркия үчүнчү чейректе  маалыматы билдирилген Чоң жыйырмалыктар жана OECD өлкөлөрүнүн арасында  эң ылдам өскөн экономика болду»,- деди.

«Стар» гезити «Тоггдо  майыптарга арналган атайын аппарат» деген маалыматында майыптардын  Түркиянын жергиликтүү автомобили Тогг үчүн чыгарылган жана санариптик интеграциясы жекелештирилген шаймандар менен жолдордо «тоскоолдуксуз» айдоо тажрыйбасына ээ болушат.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн эң мыкты  50 жаш таланты жарыяланды! Арда Гүлер да тизмеде» деп жазып, Next Generation сайтынын 2023 - жылы дүйнөдөгү эң мыкты 50 жаш таланттарды жарыялагандыгын маалымдаган. Мурунку жылдарга салыштырмалуу рейтинги жок тизмеге сезондун башында Реал Мадридге өткөн улуттук футболчу Арда Гүлер да кирди.



Тектеш кабарлар