Түрк басма сөзү 28.11.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

2069590
Түрк басма сөзү 28.11.2023

«Стар» гезити «Газа үчүн тыгыз дипломатия» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Испаниянын премьер  - министри Педро Санчез менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Сүйлөшүүдө Газа үчүн туруктуу ок атышпоо менен туруктуу тынчтык аракеттери каралды.

«Хүррийет» гезити «Куртулмуш : Нетаньяху жана бандасы жоопко тартылышы керек» деп билдирип, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуштун Азия Парламенттик Ассамблеясынын Аткаруу комитетинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө : «Батыш Газадагы кыргындын алдында көр болууну тандап жатат. Нетаньяху жана бандасы эл аралык кылмыш сотунда жооп бериши керек», - деди.

«Йени шафак» гезити «НАТОдон Түркияга террор менен күрөшүүдө биримдик билдирүүсү» деген макаласында НАТОнун баш катчысы Столтенберг Түркия менен ПКК сыяктуу террордук уюмдарга каршы өзүн коргоосу үчүн бирдикте иштөөлөрү керектигин айтып : «НАТО азыркы учурда муну аткарып жатат»,- деди.

«Сабах» гезити «Россия жана Түркия жаратылыш газ борбору үчүн жол картасы тууралуу келишти» деп билдирип, Россия менен Түркиянын биргелеше түзүүнү каалаган энергетика борбору үчүн Фракиянын тандалгандыгын белгилеген. 2024 -  жылы бүткөрүлүшү пландалган борбор менен Түркия жаратылыш газда борбор өлкө болот.

«Хабер түрк» гезити «Технология гиганттарынан Түркия инвестициялары» деген кабарында  Түркиянын экономикада таштаган кадамдары жана саясий туруктуулук менен эл аралык түздөн  - түз  инвестициялардын чордонуна айланып, Алибабадан Амазонго, Хуавейден PepsiCoго чейин дүйнөнүн алдыңкы фирмалары жаңы инвестицияларга багыт алганын белгилеген.  Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 93 жаңы инвестициялык долбоор келди.

 



Тектеш кабарлар