Түрк басма сөзү 24.11.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2068412
Түрк басма сөзү 24.11.2023

«Стар» гезити «Улуттук коргоо министрлиги : 1927  террорист жок кылынды» деген кабарында Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана эл аралык карым  - катнаштар боюнча кеңешчи, контр  -  адмирал Зеки Актүрктүн кечээ министрликтеги Басма сөзгө маалымат берүү жыйынында террор менен күрөшүүнүн үзгүлтүксүз улантылгандыгын баса белгилеп : «Ирак жана Сириянын түндүгүндө акыркы бир жумада  59 террорист,  1 -  январдан бери  1927  террорист  жок кылынды»,- деп билдиргенин жазган.

«Сабах» гезити Улуттук коргоо министрлигинен ПККнын Сирияда куралдануу боюнча жоптуусуна операция жүргүзүлдү» деп билдирип, Сирияда ПКК/ЙПГ тарабынан коопсуздук күчтөрүнө карата жасалган кол салууларда колдонулган куралдардан, уюмдун оор куралдар жана коргонуу өнөр жайынан жооптууларынан Хайри Серхат каймана аттуу Фахреттин Толун Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан ишке ашырылган операция менен жок кылынгандыгын белгилеген.

«Ватан» гезити «Түрк деңиз күчтөрүндө ЗАХА биринчи жолу колдонулду» деген макаласында түрк деңиз күчтөрүнүн командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн «Чыгыш Жер Ортолук деңиз  - 2023 машыгуусунун» улантылып жаткандыгын билдирген. Анталья булуңунда ишке ашкан машыгууда сценарий боюнча ишке ашырылган куткаруу операциясында деңизде жана кургактыкта кыймыл кыла ала турган  жергиликтүү ата мекендик өндүрүштүк Брондолгон Амфибия чабуул унаасы ЗАХА биринчи жолу колдонулду.

«Хүррийет» гезити «Түркия ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастар тизмесинин мүчөлүгүнө тандалды» деп билдирип, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун Түркиянын ЮНЕСКО дүйнөлүк мурас тизмесине мүчөлүгүнө дайындалгандыгын айтканын маалымдаган. Эрсой Х социалдык бөлүшүү сайтынан кечээ берген билдирүүсүндө : «Өлкөбүз Франциянын борбор шаары Парижде ишке ашырылган  24 -  тарап мамлекеттердин жалпы кеңеши жыйынындагы добуш берүү менен комитеттин мүчөсү болду»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Чыгыш Кара деңизден 10 айда  133, 2 миллион долларлык түрк лососу экспорттолду» деген маалыматында Чыгыш Кара деңизден жылдын  10 айындагы түрк лососу экспорту өткөн  жылдын ушул эле айына караганда  44 пайыздык өсүү менен  133  миллион 220 миң  467  долларга жетти. Түрк лососу экспортунда Россия Федерациясы эң башта турат.



Тектеш кабарлар