Түрк басма сөзү  21.11.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2066789
Түрк басма сөзү  21.11.2023

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : Израилдин өзөктүк курал коркутуусунун унутулушуна уруксат бербейбиз»,- деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракта өзөктүк куралга ээ болууну көздөгөндөрдүн израилдик министрлердин камера алдында айткан өзөктүк бомба тууралуу моюнга алуусу менен башка эч нерсе айтпашы үлгү боло турган абал экендигин айтканын жазган. Эрдоган : «Бүгүн Израилге үн катпагандардын эртең башка өлкөлөргө айта турган сөзү болбойт. Израилдин өзөктүк куралдар маселесинин унутулушуна, унуттурулушуна Түркия катары уруксат бербейбиз»,- деди.

«Сабах» гезити «Бенгази башкы консулдугу аракетке өтөт» деп билдирип, тышкы иштер министри Хакан Фидандын Бенгази башкы консулдугунун аракетке өтө тургандыгын айтканын жазган. Министр Фидан : «Ливиянын чыгышы, батышы жана түштүгүндөгү бардык бөлүктөр менен диалогубузду өнүктүрүүнү улантабыз. Бенгази башкы консулдугубузду жакынкы убакта кайрадан аракетке өткөрөбүз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Газадагы түрк жарандарынын эвакуациясы» деген макаласында тышкы иштер министри Хакан Фидандын ушул күнгө чейин 170 түрк жараны менен жакындарынын Газадан чыгарылгандыгын билдиргенин белгилеген. Фидан Газада калган  983 түрк жараны жана жакындары үчүн  иштердин улантылып жаткандыгын маалымдады.

«Хүррийет» гезити «Палестиналык бейтаптарды ташыган учак Анкарада» деп жазып, Израилдин Газага жасаган кол салууларында жаракат алган рак бейтаптары палестиналыктардын Түркияда дарыланып жаткандыгын билдирген. 61 бейтап жана коштоосундагы  49 коштоочусу менен Египеттин Ел  -  Ариш аэропортунан учкан учак Анкарага конду. Ушул кезге чейин Палестинадан Түркияга 88 бейтап алып келинди.

«Стар» гезити «Стамбул университети Израилге колдоо бергенин билдирген бренддерди четке какты» деген маалыматында Стамбул университети Газага кол салууларын улантып жаткан Израилге бардык жардамдарды берген фирма, мекеме жана бренддерди четке каккандыгын жазган. Стамбул университетинин соцтармактан берген билдирүүсүндө  : «Кыргын кылуу менен адам укуктарын тебелеген бир өлкөгө жардам бергендерди эң башта илим четке кагат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар