Түрк басма сөзү  10.11.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2062930
Түрк басма сөзү  10.11.2023

«Ватан» гезити «Эрдоган : Батыш алсыз болуп жатат» деген кабарында президент Режеп Таййип Эодогандын батыштын Газада кыргын кылган Израилди ок атышпоого чакырбаганына каршылык көрсөткөндүгүн жазган. Эрдоган : «Сындоо мындай турсун ок атышпоого да чакыра албай турганчалык алсыз. Куран Каримди өрттөгөндөрдү көрбөстүккө салгандар Палестина байрагына да чыдай албай жатат»,- деди.

"Йени шафак» гезити «Түркия менен Ирандан Газа үчүн биргелешкен билдирүү» деп билдирип, президент Эрдогандын Экономикалык Кызматташуу Уюмунун саммити үчүн барган Өзбекстанда Ирандын президенти Ибрахим Реиси менен жолугушкандыгын билдирген. Жолугушууда Израилдин Газага карата кол салууларынын натыйжасында чыккан кризис жана чечүүчү жол үчүн ташталышы керек болгон кадамдар каралды. Эрдоган ислам дүйнөсүнүн Израилге карата кысымды күчөтүү керектигин айтты.

«Хүррийет» гезити “Bloomberg : Газа кризисин чечүүнүн ачкычы Түркия» деген макаласында Газадагы адамзаттык трагедия улантылып, АКШ борбору болгон Bloomberg АКШнын президенти Жо Байдендин чукул түрдө президент Эрдоганга телефон чалышы керектигин жазды.

«Стар» гезити «Түркия жана Греция столго отурат» деген маалыматында Түркия менен Грециянын ортосундагы позитивдүү күн тартиби ылдамдады. Түрк жана грек аскердик делегациялары төртүнчү жолу бир столго отурууга даярданып жатат. Түркия менен Грециянын делегацияларынын ортосундагы төртүнчү аскердик ишеним арттыруучу чаралар жыйыны  13 – ноябрь дүйшөмбү күнү Анкарада болот.

«Сабах» гезити «Борбордук банктын резервдери  күчтөнүүдө» деп жазып, Түркия Борбордук банкынын жалпы резервдерине байланыштуу маалымат жарыялады. Резервдер  1 миллиард  860 миллион долларлык өсүү менен  128 миллиард 420 миллион долларга чыгып 39 жуманын эң жогорку деңгээлине жетти.

 

 



Тектеш кабарлар