Түрк басма сөзү 07.11.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2061164
Түрк басма сөзү 07.11.2023

«Хабер түрк» гезити «Түркиядан АКШга Газа үчүн ок атышпоого чакыруу» деген кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Анкарага келген АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушкандыгын белгилеген. Министр Фидан Блинкенге Израилдин Газада жарандарды бутага алышына тоскоол болуу, чукул түрдө толугу менен ок атышпоону жарыялоо керектигин  айтты.

«Ватан» гезити «Блинкен Анкарада көңүл кош тосулуп алынды»  деп жазып, тышкы иштер министри Хакан Фидандын Анкарада тосуп алган америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен 150 минуталык сүйлөшүүдөн кийин бирдикте камера алдына чыгып  пресс  - жыйын өткөрбөгөндүгүн белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөлүк басма сөз : Түрктөр Блинкендин планын билген» деген макаласында тышкы иштер министри Хакан Фидандын америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен Анкарадагы жолугушуусунун дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алгандыгын баяндаган. Катардагы Аль Жазира : «Блинкендин  негизги миссиясы Израилди дагы көп убакытка ээ кылуу эле. Түрктөр муну билген. Ошондуктан көңүл кош мамиле менен тосуп алынды»,- деп билдирди. Британиянын Guardian гезити да «Блинкен Түркияда  жылуу тосуп алынган жок»,- деп  баа берди.

«Йени шафак» гезити «Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Алтун Израиль медиасына каршылык көрсөттү» деген маалыматында президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун Израиль медиасынын өзүн жана президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алышына катуу кашылык көрсөткөндүгүн жазган. Алтун : «Түркиянын адилеттикти жана акыйкаттыкты  жакташы бирөөнүн тынчын алып жаткандыгын көрүп жатабыз. Бирок биз ким каршы чыкса чыксын Газадагы кыргындын акырына чыгышы үчүн колубуздан келгенди аткарууну алантабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Эспортто рекорд» деген билдирүүсүндө Түркиянын октябрь айындагы экспорту өткөн жылдын ушул эле айына караганда  7,4 пайызга өсүп 22 миллиард  900 миллион долларга чыккандыгын маалымдаган. Ушундайча Түркия тарыхында  октябрь айындагы эң жогорку экспортун ишке ашырды.

 

 



Тектеш кабарлар