Түрк басма сөзү 31.10.2023
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалымттар.
![Түрк басма сөзү 31.10.2023](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d191/f723/495f/637f3e8870ef4.jpg?time=1718875569)
«Хүррйиет» гезити «Эрдоган : "Германия менен түзүлгөн тектүү карым - катнаштарыбызга чоң маани беребиз» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын дос жана союздаш Германия менен саясий, экономикалык, аскердик, маданий жана гуманитардык өңүттөгү тектүү карым - катнаштарга чоң маани бергендерин айтканын белгилеген.
«Стар» гезити «Палестинаны колдогон митингчилерге тыюу салынып, Куранды бутага алган кол салууларга уруксаттын берилиши кош стандарт» деген кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын кечээ Европа Биримдигинин Түркия делегациясынын башчысы элчи Николаус Мейер-Ландрутты жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн Анкарадагы элчилерин кабыл алгандыгын жана Фидандын бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Айрым Европа өлкөлөрүндө Палестинаны колдогон митингчилерге тыюу салуу үчүн кадамдар ташталып, сөз эркиндиги шылтоосу менен ыйык китебибиз Куран Каримди бутага алган кол салууларга уруксат берүү кош стандарт»,- дегенин жазган.
«Хабер түрк» гезити «29 - октябрда Аныткабирге рекорддук деңгээлде зыярат болду» деп билдирип,
Улуттук коргоо министрлигинен кечээ берилген маалыматта Түркия Республикасынын 100 жылдыгында улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн борбор шаар Анарада мүрзөсү орун алган Аныткабирге жекшемби күнү 1 миллион 182 миң кишинин келгендиги билдирилгенин жазган.
«Сабах» гезити «Космоско бара турган жергиликтүү спутник» деген маалыматында Түркия Илимий жана Технологиялык Изилдөөлөр мекемеси ТҮБИТАКтын төрагасы, профессор доктор Хасан Мандалдын кечээ алгачкы жергиликтүү кабарлашуу спутниги Түрксат 6Анын космоско 2024 - жылы учуруларын айтканын кабарлаган.
«Ватан» гезити «Суу продукцияларын экспортоодо 9 айда 313 миллион долларлык киреше» деп жазып, Түркиядан бул жылдын 9 айында 35 өлкөгө жасалган суу продукциялары экспортунан 313 миллион 343 миң 154 доллар валюта кирше киргендигин маалымдаган.