Түрк басма сөзү 25.10.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2055394
Түрк басма сөзү 25.10.2023

«Ватан» гезити «Эрдоган: Эл аралык коомчулук сынактан өтө албай жатат» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, 24-октябрь БУУ күнү жана БУУнун түзүлгөнүнүн 78 жылдыгына карата жарыялаган билдирүүсүндө: «Тилекке каршы эл аралык коомчулук Израиль башкаруучулугунун мыйзамсыз жана ченемсиз кол салууларына каршы сынактан өтө албай жатат»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Батыштын унчукпай калышы Газадагы кризисти күчөтүүдө» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Палестина жерлерине карата ырайымсыздыктын барган сайын тереңдеп баратканына жана жарандардын өлүмүнүн мүнөт өткөн сайын көбөйүп баратканына көңүл бурганын билдирген. Эрдоган Батыш мамлекеттеринин унчукпай калышы Газадагы гуманитардык кризисти алдын алынгыс деңгээлге жеткиргенин айтты.

«Йенишафак» гезити «Буталар таамай атылды» аттуу кабарында Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгынан улам Азербайжанда Түркия менен Азербайжандын Куралдуу күчтөрү тарабынан уюштурулган «Мустафа Кемал Ататүрк 2023» биргелешкен машыгуусунун «Ардактуу байкоочу күнүндө» өкүл душман буталары Түрк Ф-16 учактары жана Байрактар ​​ТБ2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар менен атууларда жок кылынганын билдирген.

«Сабах» гезити «Болат: Экспортубуздун 45 пайызын бай өлкөлөргө жасап жатабыз» аттуу маалыматында соода министри Өмер Болат: «200дөн ашуун өлкөгө 11 миң 500 даана продукция сатуудабыз. Акыркы 20 жылда экспортубуз 7 эсеге өстү. Бул жагынан алганда экспортубуздун 45 пайызын өнүккөн, бай өлкөлөргө жасап жатабыз»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түркиянын маданий мурастары "кызыл тизме" менен корголот» аттуу кабарында тарыхый жана маданий жактан маанилүү экспонаттарды коргоо жана аткезчиликке бөгөт коюуну максат кылган жол көрсөткүч «ICOM (Эл аралык Музейлер Кеңеши) Кызыл тизмесинин Түркияга ылайыкташтырылышы үчүн Антальяда келишимге кол коюлганын билдирген.



Тектеш кабарлар