Түрк басма сөзү  20.10.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2053548
Түрк басма сөзү  20.10.2023

«Хүррийет» гезити «Газадан  695 киши  эвакуация талап кылды» деп билдирип, тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылмаздын 695 кишинин Газадан эвакуация талап кылгандыгын билдиргенин жазган. Йылдыз : «Булардан  322си Түркия Республикасынын жараны, 214 киши Түркия Республикасы жаранынын тууганы палестиналык, 55ши мамлекеттик кызматкер жана 104 киши Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жараны»,- деди.

«Сабах» гезити «Улуттук коргоо министрлигинен Газа тууралуу билдирүү» деген кабарында Улуттук коргоо министрлигинин Израилдин кол салуусунан кийин Палестинага карата Түркиядан жасала турган жардам иштери тууралуу : «Түрк куралдуу күчтөрү бериле турган көрсөтмөлөрдүн негизинде гуманитардык жардам жана эвакуация боюнча өз милдетин алууга даяр»,- деп билдиргенин белгилеген.

«Йени шафак» гезити «Сүзүп жүрүүчү оорукана Газа үчүн даяр» деген маалыматында баскынчы Израилдин адамзаттык тышы кол салуулары улантылып, саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын аймакка кеме ооруканасын жиберүүгө даяр экендерин айтканын кабарлаган.

«Ватан» гезити «Түркиянын Израиль  -  Палестина сунушуна  биринчи жооп Россиядан келди» деп жазып, Түркиянын айрым өлкөлөрдүн Палестина үчүн айрымдарынын Израиль үчүн кепил болгон жаңы структура менен кагылышууну чечүү сунушуна Россиядан оң жооп келгендигин белгилеген. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркиянын Израиль  -  Палестина кагылышуусу үчүн сунуш кылган «кепил өлкөлөр» формуласы тууралуу сүйлөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

«Стар» гезити «Британия басма сөзү : Бүткүл дүйнө Түркияны угушу керек» деген макаласында Израиль  -  Хамас кагылышуусу менен глобалдык баш  - аламандыктын күч алгандыгына көңүлдөрдү бурган Британия басма сөзүнүн дүйнөнүн Түркияны угушу керектигине басым жасап : «Түркия эл аралык туруксуздуктан жана чечилиши керек болгон эл аралык маселелерден сөз кылып жатканда дүйнө да буга көңүл бурушу керек»,- деп айткандыгын баяндаган.

 



Тектеш кабарлар