Түрк басма сөзү 22.09.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2040765
Түрк басма сөзү 22.09.2023

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : Чыккан ар бир трибунада укукту коргодук» деген кабарында  президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШ сапарынын акырында Нью -  Йорктогу Түрк үйүндө журналисттер менен өткөргөн маегинде БУУнун Башкы ассамблеясында берген билдирүүлөрүнүн жана реформа чакыруусунун дүйнөдө жаңыруусу тууралуу : «Биз чыккан бардык трибуналарда  чындыкты жана туураны айттык, укукту коргодук. БУУнун Башкы ассамблеясында айткан ар бир сүйлөм элибизден алган багытка негизделди»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Акыркы бир жумада  42 террорист жок кылынды» деп билдирип, Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси, контр - адмирал Зеки Актүрктүн кечээ министрликте өткөргөн басма сөзгө жумалык маалымат берүү жыйынында : «Ирак жана Сириянын түндүгүндө акыркы бир жумада  42 террорист  жок кылынды. Ушундайча  жок кылынган террорист саны  1 -  январдан бери 1271ге,  2015 -  жыл  24 -  июлдан бери 38 миң 614кө жетти»,- деди.

«Сабах» гезити  «Европада биринчи, дүйнөдө төртүнчү орундабыз» деген маалыматында Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрахим Юмаклынын кечээки билдирүүсүндө Түркиянын токой өстүрүү иштеринде Европада биринчи, дүйнөдө төртүнчү орунда экендигин айтканын белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Түрк аба жолдору кайрадан  'World Class' сыйлыгын алды» деп жазып, Түрк аба жолдорунун  авиация тармагынын алдыңкы уюмдарынын бири болгон APEX (Airline Passenger Experience Association) тарабынан үчүнчү жолу 'World Class' сыйлыгына татыктуу болгондугун жазган.

«Ватан» гезити «Европалык турист Антальяда сезонду узартты» деген макаласында Антальядагы туризм сезонунун айрыкча Батыш Европа өлкөлөрүнөн келген резервациялар менен ноябрдын ортосуна чейин узаргандыгын белгилеген.  Сентябрь айынын биринчи жумасынын маалыматына караганда 11 миллион 350 миң туристтин санын ашкан жана айдын аягында 12 миллион турист босогосун ашууну максат кылган сектордун өкүлдөрү октябрь айындагы резервациялардын да абдан жакшы болгонун жарыялашты.



Тектеш кабарлар