Түрк басма сөз 19.09. 2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2039124
Түрк басма сөз 19.09. 2023

«Хүррйиет» гезити «Карнеги Европа президент Эрдогандын тайманбас кадамдары тууралуу жазды» деген кабарында Бельгиядагы коммерциялык болбогон уюм Карнеги Европанын акыркы мезгилде дүйнөлүк саясатта ойногон ролу менен көңүлдөрдү бурган Түркияга басым жасап, анализ жарыялагандыгын жазган. Президент Эрдогандын таштаган кадамдарын «эр жүрөктүүлүк» деп мүнөздөгөн Карнеги Европа Түркиянын тышкы саясаты үчүн «Түркия бекем жана көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүү каалоосун билдирди» деп билдирди.

«Стар» гезити «Нөл таштанды кыймылы глобалдашууда. Биринчи кадам президент Эрдогандан» деген маалыматында бүткүл дүйнө өлкөлөрүнө үлгү болгон Нөл таштанды кыймылы глобалдашуу жолундагы биринчи кадамын таштагандыгын белгилеген. Президент Режеп Таййип Эрдоган Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынынын негизинде жубайы Эмине Эрдоган жол башчылык кылган Нөл калдык глобалдык жакшы ниет декларациясына кол койду.

«Хабер түрк» гезити «Түркияга2 миллиард доллар инвестиция планы» деп билдирип, Алибаба тобунун төрагасы Майкл Эванстын алдыдагы мезгилде Түркияга 2 миллиард доллар инвестиция салууну пландагандарын айтканынбаяндаган.

«Сабах» гезити «Чыгыш Кара деңиздин бал экспорту2,1 миллион долларга жетти» деген макаласында Чыгыш Кара деңизден январь-август айларында жасалган бал экспортунун90 пайызга артып2 миллион101 миң долларга жеткендигин кабарлаган.

«Ватан» гезити «Гордион байыркы шаары тизмеде» деп билдирип, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой социалдык медиа эсебинен : "Жакшы кабарыбыз бар! ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине 20-байлыгыбызды да кататтык. Анкаранын кайталангыс маданий байлыктарынын бири болгон Гордион байыркы шаары Дүйнөлүк мурас тизмесине кирди»,- деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар