Түрк басма сөзү  15.09.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2037763
Түрк басма сөзү  15.09.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : мыйзасыз  миграция тууралуу маселелерди чечебиз» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ борбор шаар Анкарада берген маалыматында : «Чек араларыбыздын коопсуздугун жана өлкө ичиндеги көзөмөлдөрдү активдештирүү менен мыйзамсыз миграция тууралуу маселелерди чечебиз»,- дегенин кабарлаган.

«Хабер түрк» гезити «Тышкы иштер министри Фидан Европа Биримдиги комиссары Вархели менен сүйлөштү» деп билдирип, тышкы иштер министри Хакан Фидандын Европа Биримдиги Комиссиясынын Коңшулук жана кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Сүйлөшүүдө Түркия  -  Европа Биримдиги карым – катнаштары да каралды.

«Ватан» гезити «Йерликая : акыркы террорист жок болгонго чейин иштөөнү улантабыз» деген макаласында ички иштер министри Али Йерликаянын кечээ берген маалыматында : «Акыркы террористти жок кылганга чейин иштейбиз. Шейиттерибиздин каны жерде калбайт»,- дегенин кабарлаган.

«Стар» гезити «Түркиядан 160 даана учкучсуз учуучу аппарат сатып алышты» деген маалыматында

Тайвандын негизги авиация жана технология фирмаларынан GEOSAT Aerospace Technology түрк фирмасы Fly BVLOS Technology инженерлери тарабынан иштелип чыккан Jackal  учкучсуз учуучу аппараттарынан 160 даана сатып алгандыгын баяндаган.

«Сабах» гезити «Түркиядан Германияга фундук экспорту» деп жазып, Түркиядан 2022 – 2023 экспорт мезгилинде Германияга 496 миллион 653 миң  928 долларлык 85 миң  447 тонна фундук сатылгандыгын кабарлаган.

 

 



Тектеш кабарлар