Түрк басма сөзү 12.09.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2036105
Түрк басма сөзү 12.09.2023

«Хүррйиет» гезити «Эрдоган менен Пашиняндын орчундуу сүйлөшүүсү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн кабарлаган. Сүйлөшүүдө Түркия  -  Армения карым  - катнаштары жана аймактык темалар  каралды. Өзгөчө эки лидер аймакта туруктуу тынчтык жана туруктуулуктун  түзүлүшүнүн аймак өлкөлөрүнүн баарынын өнүгүү жана бакубатчылыгына салым кошоорун баса белгилеп, бул багытта дипломатиялык аракеттерди уланта тургандыктарын билдиришти.

«Ватан» гезити «Түркияга кредит агымы башталды» деп жазып, президент Эрдогандын жарыяланган Орто мөөнөттүү программанын дүйнөгө оң таасирин тийгизгенин, базарларга жандуулук алып келгенин айтканын белгилеген.  Эрдоган: «Тыштан Түркияга да кредит агымы башталып жатат»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Эрдогандан батыштык өлкөлөргө дан коридору тууралуу чакыруу» деген макаласында президент Эрдогандын Россиянын президенти Владимир Путин менен дан коридоруна байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн улана турганын билдиргенин жазган.  «Россиянын талаптары ачык», - деген Эрдоган : «Батыш өлкөлөрү Түркиянын аракеттерин колдоо  менен өздөрү да аракет кылып убадаларын аткарышы керек»,- деди.

«Стар» гезити «Казакстан : Түркияны кубаттайбыз» деп билдирип, Казакстандын вице  - премьер  - министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртилеудин : «Анкаранын дүйнөдөгү ролу жана кадыр - баркы өсүп жатат. Түркия глобалдык кризисти жана аймактык кагылышууларды чечүүдө активдүү роль ойноодо. Түркия глобалдык кризис жана аймактык кагылышууларды чечүүдө активдүү ролду аткарып жатат»,- дегенин кабарлаган. Казак министр : «Биз Түркиянын экономикалык, билим берүү, тышкы саясат жана башка тармактардагы ийгиликтерин кубаттайбыз»,- деди.

«Хабер түрк" гезити «Фитчтен Түркия тууралуу баа берүү» деген маалыматында Эл аралык кредт рейтинг мекемеси Fitch Ratingsтын  директору Эрих Ариспе Моралес Түркиянын үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде күтүлгөндөн жогору экономикалык өсүү көрсөткөндүгүн белгилегенин баяндаган. Моралес :  "Экономикалык өсүштүн  бул жылы 4,3 пайыздын тегерегинде болорун ойлоп жатабыз" ,-деди.



Тектеш кабарлар