Түрк басма сөзү 01.09.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2031791
Түрк басма сөзү 01.09.2023

«Сабах» гезити «Эрдоган : Түркия аракеттери менен өзүнөн сөз кылдырууда» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Стамбулда сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын аскердик, дипломатиялык, экономикалык жана саясий аракеттери менен өзүнөн сөз кылдырган өлкө болгонун айтканын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Тышкы иштер министри Фидан менен орус кесиптеши Лавровдон биргелешкен билдирүү» деп жазып, кечээ расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Россиянын борбор шаары Москвага барган тышкы иштер министри Хакан Фидандын орус кесиптеши менен жолугушкандыгын кабарлаган. Жолугушуудан кийин маалымат берген министр Фидан Кара деңиз дан демилгеси  тууралуу : «Өлкөбүздүн кошкон салымы менен БУУ жаңы бир сунуш пакетин даярдады. Мунун демилгенин жандандырылышында ылайыктуу пайдубалды түзгөндүгүн ойлоп жатабыз»,- десе, Лавров да дан экспорту тууралуу батыштын убадасында турбагандыгын белгилеп : «БУУ менен түзүлгөн пакет келишиминдеги шарттарыбыз орундатылган учурда дан келишимине кайтабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Мудс Түркия үчүн өсүү болжолун жогорулатты» деген макаласында Мудстын Түркия экономикасы үчүн бул жылдагы өсүү болжолун 2,6 пайыздан  4,2 пайызга жана келерки жыл үчүн 2 пайыздан 3 пайызга жогорулаткандыгын баяндаган.

«Хүрриет» гезити  : «Министр Шимшек: Оң таасирлерин көрө баштадык» деп билдирип, казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин Түркиянын жылдын экинчи чейрегиндеги 3,8 пайыздык өсүү темпине баа берүүсүндө : «Ишке ашырган саясаттарыбыздын оң натыйжаларын көрө баштадык. Бул таасирлердин туруктуу болушу жана туруктуулукту  камсыздоо үчүн керектүү кадамдарды таштоону улантабыз",- дегенин белгилеген.

«Ватан» гезити  : «Түркия OECD ичинде эң ылдам өскөн экинчи өлкө» деген маалыматында жылдын экинчи чейрегинде катталган 3,8 пайыздык өсүү менен Түркиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму (OECD) өлкөлөрүнүн арасында эң көп өскөн экинчи өлкө, Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн арасында үчүнчү орунду алгандыгын жазган.

 

 

 



Тектеш кабарлар