Түрк басма сөзү  25.08.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2028962
Түрк басма сөзү  25.08.2023

«Ватан» гезити «Министр Фидан : ПКК вирусун Ирактан тазалайбыз» деген кабарында  тышкы иштер министри Хакан Фидандын : «Террордон кутулуу үчүн аткара турган дагы көп ишибиз бар. Түркияда бул маселени чечтик. Азыркы учурда Ирак жерлеринде ПКК террору өзүн жашырып жатат. Бул вирусту Ирактан да бирдикте  тазалайбыз»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркия биргелешкен машыгууга каршылык көрсөттү» деп жазып, Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта АКШнын террордук уюм ПКК/ЙПГ менен Сириянын түндүгүндө ишке ашырган биргелешкен машыгуу тууралуу : «Дос жана союздаш өлкөлөрдөн  күтүүбүз ; ПКК/ЙПГ террордук уюмуна берилген жардам жана колдоонун токтотулушу жана террор менен күрөшүүбүзгө колдоо берүүлөрү»,- деп айтылгандыгын  баяндаган.

«Хүррйиет» гезити «Даниялык дипломат  5 -  жолу Тышкы итшер министрлигине чакырылды деген маалыматында мусулман өлкөлөрдүн элчиликтеринин алдында ыйык китеп Куран Каримди өрттөө кыймылдарынын улантылышы менен Даниянын Анкара элчилигинин ишенимдүү өкүлүнүн кайрадан тышкы иштер министрлигине чакырылгандыгын белгилеген.

«Стар» гезити «БУУнун жетекчиси түрк кабарчысынын Кипр тууралуу суроосуна жооп бере алган жок» деген макаласында БУУнун Кипрде Түштүк рум башкаруусунун буфердик аймактагы эреже бузууларына каршылык көрсөтпөстөн, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын гуманитардык долбоору болгон Пиле  -  Йигитлер жол долбооруна эмне себептен тоскоол болууга аракет кылганына жана тараптарга эмне себептен ар башка мамиле кылынганын түшүндүрө албагандыгын  жазган.

«Хабер түрк» гезити «Түркия жылдын биринчи жарымында 4,8 миллиард долларлык эл аралык инвестиция алды» деп билдирип,  Түркияга бул жылдын биринчи алты айында 4,8 миллиард долларлык эл аралык түздөн түз инвестиция салынгандыгын кабарлаган. Алдыбыздагы алты айда да кеминде 7,1 миллиард долларлык кошумча инвестиция капиталынын кирери болжолдолууда.

 



Тектеш кабарлар