Түрк басма сөзү 24.08.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2028480
Түрк басма сөзү 24.08.2023

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : Крымдын  аннексияланышы мыйзамсыз» деген кабарында президент Эрдогандын 3 - Крым платформасынын лидерлер саммитине видео билдирүү жөнөткөндүгүн белгилеген. Эрдоган билдирүүсүндө Крымдын Россия тарабынан аннексияланышын тааныбаган Түркиянын бул кадамдын мыйзамсыз экендигин биринчи күндөн бери жактагандыгын белгилеп : "Украиананын жеринин бүтүндүгү жана эгемендүүлүгүн жактаган позициябызды сактайбыз",- деди. 

«Стар» гезити «Куртулмуш : Түркия ар дайым Кипр түркүнүн жанында» деп билдирип, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуштун : «Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын таанылышы жана эгемендүүлүк укуктары тууралуу ар дайым Кипр түркүнүн жанында болот»,- дегенин кабарлаган. Куртулмуш эл аралык тармакта Түндүк Кипр Түрк Республикасынын таанылышы тууралуу аракеттерди жүргүзүүнү уланта тургандарын айтты.

«Сабах» гезити «Америкалык адистен кызыктуу аныктама : Түркия дүйнөнүн борбору» деген макаласында АКШда негизги  аналитикалык борборлорунун бири Heritage Foundation эксперттеринин бири Жеймс Карафанонун Түркиянын Батыш Европа, Түндүк Африка, Жер Ортолук деңиз, Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Индияда тынчтык жана ырааттуулуктун негизи экендиигн белгилеп : «Түркия дүйнөнүн борборунда»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Стамбулда кеңсе рекорду жаңырды» деп жазып, Стамбулдагы кеңсе базарындагы толуу көрсөткүчү 84,9 пайызга өсүп, акыркы 10 жылдын рекорддук деңгээлине жеткенин белгилеген.  Стамбул Эл аралык финансы борборунун ачыла элек этаптары ушул жылы бүткөрүлүп, рынокко болжол менен 1,5 миллион чарчы метр камсыздоо кошулат деп күтүлүүдө.

«Хүррйиет» гезити «Түрк туризм секторундагы өсүү дүйнөнү артта калтырат» деген маалыматында Түркиянын туризмде саналуу өлкөлөрдүн арасында орун алууну уланта тургандыгын баяндаган. Түркия отелчилер ассоциациясынын төрагасы Мүберра Эресин : «Түркиянын  тейлөө секторунун, өзгөчө отелчилик секторунун сапатын бүткүл дүйнө билет. Ар түрдүүлүк жагынан да маанилүү бир жердебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар