Түрк басма сөзү  23.08.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2027983
Түрк басма сөзү  23.08.2023

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Эл аралык мекемелер өлкөбүзгө карай багыт алышууда» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын өлкөнү кеңейтүү максатына зыян келтирбестен, макро экономиканы күчтөндүрө турган программаларды ишке ашырып жаткандарын айтканын билдирген. Эрдоган: «Ишеним климатынын аркасында эл аралык каржы уюмдары өлкөбүзгө 10 миллиарддаган ресурсту өткөрө баштады»,- деди.

«Сабах» гезити «Түрк подрядчылары глобалдык конкуренцияда алдыга чыгууда» деп жазып, президент Эрдогандын өлкө тышында түрк подрядчылары тарабынан турмушка ашырылган долбоорлорду көргөн сайын  сыймыктангандарын айтканын белгилеген. Эрдоган : «Түркиянын акыркы жылдардагы инфраструктуралык кадам биздин подрядчыларды глобалдык атаандаштыкта ​​алдыга алып чыкты»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Фидан : БУУнун тарапсыздыгын жоготкондугуна ишенебиз» деген макаласында тышкы иштер министри Хакан Фидандын БУУнун Тынчтык күчүнүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жерлеринде гуманитардык муктаждыктарды камсыз кыла турган Пиле  -  Йигитлер жолунун курулушуна карата кийлигишүүсүнө каршылык көрсөтүп : «БУУнун бул окуяда тарапсыздыгын жоготкондугуна ишенебиз. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын позициясын акырына чейин колдойбуз»,- дегенин баяндаган.

«Стар» гезити «АКШ : Түркиянын жогорулашынан пайлануубуз керек» деп билдирип, Түркиянын Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Израиль менен өнүктүргөн дипломатиялык карым  - катнаштарына көңүл бурган Америка басма сөзү : «АКШ аймактагы саясий жана аскердик күчүн улантууну каалап жаткан болсо, Түркиянын бул жогорулушынан пайдаланып, Түркия менен дагы жакын карым  - катнаштарды түзүшү керек»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Болгариядан Түркиянын Европа Биримдигине толук колдоо» деген маалыматында Болгариянын тышкы иштер министри Габриэлдин Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине карата : «Болгария да мүчө катары Анкаранын Европа жолундагы бул аракетин колдоп жатат»,- деген билдирүү жасагандыгын кабарлаган.



Тектеш кабарлар