Түрк басма сөзү 22.08.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2027495
Түрк басма сөзү 22.08.2023

«Сабах» гезити «Эрдогандан БУУнун Тынчтык күчү провокациясына катуу каршылык» деген кабарында, президент Режеп Таййип Эрдогандын БУУнун Тынчтык күчү аскерлеринин Түндүк Кипр Түрк Республикасына карата  кийлигишүүсүнүн Түркия үчүн эч качан кабыл алынгыс  абал экендигин айтканын жазган. Эрдоган : «БУУнун Тынчтык күчүнөн күтүлгөн нерсе – бул туруктуулукту бузуучу аракеттердин ордуна аралдагы бардык тараптардын гуманитардык муктаждыктарын камсыз кылууга салым кошуу»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан Швецияга «убадаңда тур» эскертүүсү» деп билдирип, президент Эрдогандын Швециянын НАТОго кошулуу протоколдорунун парламенттен ылдам түрдө өтүшүнүн Швециянын берген убадаларга бекем турушу менен байланыштуу экенин белгилегендигин билдирген.Түркия НАТОго мүчө болуу үчүн Швециядан террордон алыс болушун талап кылууда.

«Стар» гезити «Батыш үчүн тең салмактуулукту өзгөрткөн сапар» деген маалыматында президент Эрдогандын Венгриянын түзүлгөн күнүн белгилөө үчүн барган борбор шаар Будапештте маанилүү жолугушууларды өткөрүшү дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алгандыгын жазган. Associated Press маалымат агенттиги аземге Эрдоган менен бирге Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Эль Сан, Сербиянын президенти Александр Вучич, Кыргызстандын президенти Садир Жапаров жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун да катышканын баса белгиледи. Associated Press бул абалдын батыш өлкөлөрү үчүн күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртүшү мүмкүн деп жазган.

«Хүррийет» гезити «Түркия Куран Каримге карата кол салууга каршылык көрсөттү» деп жазып, Түркиянын Копенгаген элчилиги жана Гаага элчилиги менен айрым мусулман өлкөлөрдүн элчиликтеринин алдында Куран Каримди өрттөө аракеттеринин улантылышы боюнча Даниянын Анкара элчилигинин ишенимдүү өкүлү жана Голландиянын Анкара элчилигинин элчи  -  кеңешчилеринин тышкы иштер министрлигине чакырылгандыгын маалымдаган. Чакырылган дипломаттарга Куран Каримге карата жасалган кол салуулардан тынчсыздануулардын болгондугу билдирилип, бул аракеттердин күчтүү түрдө айыпталгандыгы билдирилди.

«Йени шафак» гезити «Инвесторлордун Түркияга кызыгуусу» деген макаласында Түркиянын экономикалык рейтингине байланыштуу ортого чыккан оң атмосфера менен бирге өлкө тышынан инвестиция аракеттери да келе баштагандыгын кабарлаган. АКШ борбору болгон Ethos Asset Managementтин Түркиядагы фирмаларга 2024 – жылга чейин 250 миллион доллар, 2024 -  жылдын акырына чейин 516 миллион доллар финансылык жардам берерин билдирди.



Тектеш кабарлар