Түрк басма сөзү 15.08.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2024584
Түрк басма сөзү 15.08.2023

«Сабах» гезити «Тышкы иштер  министрлигинен Арменияга ачык билдирүү» деген кабарында тышкы иштер министрлигинин Азербайжан менен Лачын жолу тууралуу келишпестик жашаган Арменияга карата билдирүү жарыялагандыгын белгилеген. Билдирүүдө : «Армениядан күтүүбүз чагымчыл кадамдардан  алыс болуу, Азербайжандын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин кабыл алышы»,- деп айтылды.

«Стар» гезити «91,4 миллион долларлык түрк лососу экспорттолду» деп жазып, Чыгыш Кара деңизден январь -  июль айларында ишке ашкан түрк лососунун экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 97 пайыз өсүп 91 миллион 428 миң 514 долларга жеткендигин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Босниядан Мевлана өттү» деген макаласында ТРТнын санариптик платформасы Табиде көрсөтүлгөн «Мевлана Желаледдин-и Руми» сериалынын дүйнөлүк бет ачары 29 - Сараево кинофестивалында (SFF) өткөрүлгөндүгүн  жазган.

«Ватан» гезити «Робби Уильямс Түркияда биринчи жолу концерт берет» деп жазып, британиялык ырчы жана композитор Робби Уильямстын 17 - августта Мугланын Бодрум шаарында концерт берерин кабарлаган. Концерттин билеттери 17 миң 600 лирадан сатыкка чыкты.

«Хабер түрк» гезити «Олба байыркы шаарында аял айкели жана 2 фриз сыныгы табылды» деген маалыматында Мерсиндин Силифке районундагы байыркы Олба шаарында эллинизм доорунун маанилүү отурукташкан жерлеринен биздин замандын 2-кылымына таандык деп эсептелген аял айкели жана мифологиялык көрүнүштөрдү камтыган 2 фриз фрагментинин табылгандыгын маалымдаган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар