Түрк басма сөзү 14.08.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2023977
Түрк басма сөзү 14.08.2023

«Йенишафак» гезити «Эрдогандан дипломатиялык жолугушуулар» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын чет өлкөдөгү жолугушууларын баштай турганын билдирген. Эрдоган августтун аягына жакын Венгрияга, сентябрда болсо Индия менен Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) барат. Дүйнө үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынуучу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына катыша турган Эрдоган, АКШ сапары учурунда өлкөнүн лидерлери менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрөт.

«Хүррийет» гезити «Немис басма сөзү: Украина согушунда Түркия чечүүчү ролдо» аттуу маалыматында немис медиа мекемеси Deutsche Welle (DW) Орусия-Украина согушунда Түркиянын маанисине басым жасаганын билдирген. Украинага басып кирилишинен дароо кийин Түркиянын Босфор жана Чанаккале кысыктарын бардык согуштук кемелерге жаап, деңиздеги күч тең салмактуулугун коргогону баса белгиленген макалада, бул абалдын Түркияга маанилүү геостратегиялык абалды бергени айтылды.

«Стар» гезити «Качкындарды жөнөтүүнүн жаңы формуласы» аттуу кабарында Түркияда качкындар менен мыйзамсыз мигранттарды өз өлкөлөрүнө кайтаруу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүп жатканын жазган. Ушул алкакта Сириянын Халеб аймагындагы коомдук жана соода турмушунун жандандылышы максат кылынууда. План ишке ашканда Түркияда жашаган жүз миңдеген сириялыктар өз өлкөлөрүнө кайтып барышат.

«Хабер түрк» гезити «Түркияга круиздик кеме менен келген жүргүнчүлөрдүн саны өстү» аттуу маалыматында жай мезгилинде Түркияга круиздик кемелер менен келген жүргүнчүлөрдүн саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 66,7 пайызга өскөнүн билдирген. Жылдын аягына чейин жүргүнчүлөрдүн рекорддук санына жетиши күтүлүүдө.

«Ватан» гезити «Ван көлүндө кызыктуу изилдөө» аттуу кабарында Түркиянын 800 миң жылдык тарыхы бар эң чоң көлү болгон Ван көлүнүн түбүндөгү урандылар дүйнөгө таанытылып жатканда бул калдыктарга жаңылары кошулганын жазган. Ван көлүнүн түбүндө көрүстөн жана айыл турмушунун издерин камтыган аянттар ​​табылды. Табылган жаңы табышмактар ​​чечилишин күтүп жатат.



Тектеш кабарлар