Түрк басма сөзү 28.07.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2017127
Түрк басма сөзү 28.07.2023

«Йени шафак» гезити «Foreign Policy Эрдогандын тышкы саясатын жазды: стратегиялык көз карандысыздык, күч жана гүлдөп-өнүгүү» аттуу кабарында акыркы мезгилде дүйнөлүк саясаттагы ролу менен көңүлдөрдү бурган Түркияга байланыштуу Foreign Policyден талдоо жарыяланганын билдирген. Түркия менен президент Эрдогандын таштаган кадамдарына көңүл бурган макалада «Эрдоган мезгилинде Түркия үч негизги тышкы саясат идеясын ырааттуу карманды: стратегиялык көз карандысыздык, күч жана гүлдөп-өнүгүү» деп жазды.

«Хабер түрк» гезити «Улуттук коргоо министрлигинде маалымат жыйыны» аттуу кабарында Улуттук Коргоо министрлиги кечээ кезектеги “Басма сөз жыйынын” өткөргөнүн билдирген. Жыйында 8 жылда 28 миң 235 террористтин зыянсыздандырылганы айтылды.

«Сабах» гезити «Израилге Аль-Акса мечити боюнча каршылык көрсөтүлдү» аттуу кабарында Түркия Израилдин ашкере оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин кечээ Чыгыш Кудстагы Аль Акса мечитине жүргүзгөн рейдин чагымчылдык деп мүнөздөп катуу айыптаганын жазган.  

«Стар» гезити «Министр Шимшектен Европага орчундуу билдирүү: Түркияны көз жаздымда калтыра албайсыздар» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Мехмет Шимшектин ЕБни 'Бажы биримдиги келишимин жаңыртууга' чакырганын билдирген. Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинин 1963-жылдан бери уланып жатканын эске салган министр Шимшек: «Эгер Европа дагы ылайыктуу позицияны ээлегиси келсе, Европа лидерлери да белгилегендей глобалдык маселелерде жакшыраак оюнчу болууну кааласа, Түркия чоңдугундагы бир өлкөнү көрмөксөнгө сала албайсыңар»,- деди.

«Хүррийет» гезити «KAAN үчүн Азербайжан менен кызматташтык» аттуу кабарында Түркиянын Авиация жана космос өнөр жай акционердик коому Азербайжандын Коргоо министрлиги менен улуттук КААН согуштук учагын иштеп чыгуу жана биргелешип чыгаруу үчүн кызматташуу протоколуна кол койгонун билдирген.



Тектеш кабарлар