Түрк басма сөзү  18.07.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2012714
Түрк басма сөзү  18.07.2023

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдогандан дан коридору тууралуу билдирүү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Сауд Арабияга жөнөөр алдында өткөргөн пресс  - жыйынында дан коридору тууралуу : «Россиянын президенти Владимир Путиндин бул гуманитардык көпүрөнүн  улантылышын каалагандыгына ишенем. Саякаттан кайткандан кийин Путин менен сүйлөшөмүн.  Август айында өлкөбүздө жолугушабыз жана бул темалар тууралуу сүйлөшөбүз»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Европа Биримдиги Түркияга басым жасады» деген макаласында Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин Россиянын Түркиянын аракеттерине карабастан Кара деңиз дан коридору келишимин  акырына чыгарышын катуу айыптагандыгын билдирген.

«Сабах» гезити «Түркия менен Сауд Арабиянын ортосунда 5 жаңы келишим» деп жазып, президент Эрдоган менен Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед Бин Селмандын жетекчилигиндеги делегациялар аралык жолугушуулардан кийин түздөн – түз  инвестиция, коргоо өнөр жайы, энергетика, коргонуу жана коммуникация тармактарында келишимдерге кол коюлгандыгын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «Сабиха Гөкчен аэропорту бир жуманын ичинде эки жаңы рекодрдго жетишти» деп билдирип, Стамбул Сабиха Гөкчен эл аралык аэропортунун  14 -  июлда 123 миң 449 жүргүнчүгө, 16 -  июлда да  иш ашкан  674 каттамда  123  миң  607 жүргүнчүгө жетип бир жуманын ичине эки чоң рекордго жетишкендигин маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Turkish Cargo үчүнчү орунга жогорулады» деген маалыматында түрк аба жолдорунун аба жүк ташуучу бренди Turkish Cargoнун май айында чоң ийгиликке жетишкендигин, дүйнөнүн алдыңкы аба жүк ташуучуларынын арасында үчүнчү орунга чыккандыгын маалымдаган.

 

 

 



Тектеш кабарлар