Түрк басма сөзү 8.03.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1956313
Түрк басма сөзү 8.03.2023

«Хабертүрк» гезити «Түштүк Кореянын президенти Түркия менен «чыныгы бир тууган өлкө» экендиктерин айтты» деген кабарында Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёолдун, 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийин издөө-куткаруу иштерине катышкан Кореянын жардам берүү тобу менен жолугушкан иш-чарада: «Кызматташтыгыбыз эки өлкөнүн чыныгы бир тууган өлкө экенин көрсөткөн символ болот»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «БУУ: Түркиядагы жер титирөөлөрдүн келтирген зыяны 100 миллиард доллардан ашат деп болжолдонууда» аттуу маалыматында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Түркия боюнча туруктуу өкүлү Луиза Винтондун, Түркиядагы жер титирөөлөр келтирилген зыяндын 100 миллиард доллардан ашат деп болжолдонуп жатканын билдиргенин белгилеген.  

«Хүррийет» гезити «Кызылелма АКШ медиасында» аттуу кабарында Байкар тарабынан чыгарылган жана 23-январда экинчи сыноо учуусун ийгиликтүү аяктаган Түркиянын улуттук учкучсуз согуштук учагы Кызылелманын АКШ медиасында кызуу тема болгонун баяндаган. Business Insider, Кызылелманын Түркиянын өнүгүп келе жаткан дрон ​​тармагынын «жогорку чекити» боло аларын айтты.

«Йенишафак» «Беш сектор экспортто рекорд койду» аттуу маалыматында 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн жабыркаган облустарда өндүрүш жана экономикалык иш-аракеттердеги үзгүлтүккө карабастан өнөр жайдагы 5 сектордун (тери жана булгаары буюмдары, автомобиль өнөр жайы, электр жана электроника, зергерчилик, кондициялоо өнөр жайы) январь-февраль айларында эң жогорку экспортту ишке ашырганын билдирген.

«Стар» гезити «Стамбул аэропортунан дагы бир сыймык» аттуу кабарында Стамбул аэропорту Эл аралык аэропорттор кеңеши (ACI World) жана саякат технологиялары компаниясы Amadeus тарабынан жүргүнчү тажрыйбасына жараша жүргүзүлгөн сурамжылоодо дүйнөнүн эң мыкты аэропортторунун арасында орун алганын билдирген.



Тектеш кабарлар