Түрк басма сөзү  24.02.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1950909
Түрк басма сөзү  24.02.2023

«Хүррийет» гезити «200 миң жаңы турак жай үчүн даярдык» деген кабарында Экология, шаар куруу жана климаттык алмашу министри Мурат Курумдун Кахраманмарашта болгон жер титирөөдө 164 миң 321 имараттын чоң зыянга учурагандыгын айтканын жазган. Бир жылдын ичинде  туруктуу турак жайлардын куруларын баса белгилеген министр Курум : «200 миң турак жай долбоору тууралуу  окумуштуулар менен  бирге иштеп жатабыз»,- деди.

«Стар» гезити «Жер титирөө аймактарына контейнерлер курулуп жатат» деп билдирип, Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) Кахраманмараш жана Хатайда жер титирөөдөн жабыркаган облустарда 329 миң 382 чатырдын курулушунун аяктаганын билдиргенин белгилеген. Облуста биринчи этапта 100 миң контейнер орнотула баштады.

«Хабер түрк» гезити  «Кейт Уинслеттен жардамга чакыруу» деген макаласында Оскар сыйлыгынын ээси британиялык актриса Кейт Уинслет Кахраманмарашта 11 облуста болгон жер титирөөдөн кийин жабыркагандар үчүн  аракетке өткөндүгүн жазган. Белгилүү британиялык актриса социалдык тармак аркылуу катталуучуларынан жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам сурады. Уинслет: "Мүмкүн болушунча көбүрөөк бергиле",- деп жардам берүүгө чакырды.

«Йени шафак» гезити «Спорт жамааты жер титирөөдөн жабыркагандар  үчүн биригишти» деген маалыматында Жаштар жана сопрт министрлиги, Түркия футбол федерациясы жана Клубдар биримдиги фондунун жол башчылыгында чогулган спорт жамааты жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн жардам кампаниясын ишке ашырарын жазган. 1 -  март шаршемби күнү өткөрүлө турган жардам кампаниясы спорт каналдарынан берилет.

«Сабах» гезити «Жер титирөөнүн  экономикага туруктуу таасири жок» деп жазып, Түркия Республикасынын Борбордук банкы эсептик ченди 9 пайыздан 8,50 пайызга түшүргөнүн маалымдаган.  Борбордук банк пайыздык чендерди 50 пайыздык  базалык  төмөндөтүп, кылымдын апааты болгон Кахраманмараштагы жер титирөөнүн экономикага туруктуу таасирин тийгизбей турганын билдирди.



Тектеш кабарлар