Түрк басма сөзү 14.02.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1946124
Түрк басма сөзү 14.02.2023

«Йени шафак» гезити «Чавушоглунан сириялыктарга капкалар ачылды деген сөздөргө жооп» деп жазып, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн улам Сириядан Түркияга баш калкалоочулардын агымы болду деген сөздөрдүн негизи жок экендигин белгилеп : «ПККнын, ЙПГнын көзөмөлүндөгү жерде капкалардын ачылышы сөз болбойт»,- дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «73 жыл өтсө да ал жардамдар унутулган жок» деп билдирип, дүйнөнүн тарыхынын эң чоң жер титирөөсүн башынан өткөрүп жаткан Түркия үчүн мобилизациялангандыгын жазган. Мындан 73 жыл мурда согуш болгон Түштүк Кореяга аскер жөнөткөн Түркияны унутпаган Сеулдан көңүлдөрдү бурган кадам ташталды. Президент Юн Сук Ёл "кандан шериктеш жана боордош эл" болгон Түркияга  колдоо көрсөтүүнү буюрду.

«Хабер түрк» гезити «НАТОдон Түркияга тилектештик билдирүүсү» деп жазып, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Түркияда болгон жер титирөөлөрдөн улам НАТО өлкөлөрүнүн Түркия менен бекем тилектештикте экенин айтканын жазган.

«Сабах» гезити «Дүйнө каарман мед айымдардан  сөз кылып жатат» деп жазып, Газиантептеги жер титирөө учурунда ымыркайларды куткаруу үчүн инкубаторлорду көздөй чуркаган ооруканадагы медайымдар дүйнөнүн күн тартибинен орун алганын маалымдаган. Британиянын Daily Mail гезитинин : «Мега жер титирөөдө «керемет» медайымдар наристелердин термелген керебеттери оодарылып кетпеши үчүн палатага чуркап келишти», - деп жазгандыгын билдирген.

«Стар» гезити «Спорт дүйнөсү бир жүрөк болду» деген макаласында Кахраманмараштагы «кылымдын апааты» деп сыпатталган жер титирөөлөрдөн кийин спорт дүйнөсүнүн Түркияга колдоо көрсөткөндүгүн жазган. Чет өлкөдөгү түрк спортчуларынан тышкары көптөгөн тармакта дүйнөгө таанымал спортчулар да Түркияга колдоо берүүгө чакырышты. Футболдо машыгуу жана расмий беттештердин алдында бир мүнөттүк эскерүү болду. Көптөгөн белгилүү футболчулар формаларын аукцион аркылуу сатылышын колдошту.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар