Түрк басма сөзү  10.02.2023

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1944728
Түрк басма сөзү  10.02.2023

«Сабах» гезити «Эрдоган : Элибиз эч тынчсызданбасын» деген кабарында эпицентри Кахраманмараш болгон  жер титирөөлөрдөн кийин иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн Газиантеп жана Османиеге барган президент Режеп Таййип Эрдогандын элге карата сүйлөгөн сөзүндө : «Тынчсызданбагыла. Биз бул күнгө чейин Ванда, Малатьяда, Бингөлдө, Измирде болгон жер титирөөнү кандай өткөрүп, ал жерлерде имараттарды ылдам куруп ээлерине кандай тапшырган болсок ошондой эле бул 10 облусубузда да муну ылдам түрдө аткарып, турак жайларды тапшырабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдигинин  лидерлеринен Эрдоганга жер титирөө тууралуу кат» деп билдирип, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн улам президент Эрдоганга кат жибергендерин белгилеген. Көңүл айткан 27 лидер Түркия менен толугу менен тилектештик ичинде экендерин белгилеп : «Тыгыз координация ичинде колдообузду арттырууга даярбыз. Ойлорубуз сиз жана элиңиз менен бирдикте»,- деп билдиришти.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу  : бүткүл дүйнөдөн күчтүү тилектештикти көрдүк» деген макаласында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун эпицентри Кахраманмараш болгон, 10 облусту таасири астына алган  жер титирөөлөрдөн кийин Түркиянын бүткүл дүйнөдөн күчтүү тилектиштикти көргөндүгүн, кечээтен тарта 56 өлкөдөн 6 миң 49 кызматкердин жардам берүү үчүн аймакта экендигин жана 19 өлкөдөн да жаңы топтордун 24 сааттын ичинде Түркияга келерин белгиледи.

 «Стар» гезити «Кахраманмараш жер титирөөсүн  Британия аралына ылайыкташтырышты : тептегиз болмокпуз» деп жазып University College London (Лондон университеттик колледжинде) изилдөөчү болуп иштеген сейсмолог Стивен Хикс, Кахраманмараштагы жер титирөө Британия аралында боло турган болсо   Бирмингем, Манчестер, Шеффилд жана Бристол сыяктуу шаарлардын «тептегиз» болуп каларын айтканын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Жер титирөөдөн жабыркаган клубдар»  деген кабарында 10 шаарда кыйроого алып келген жер титирөөнүн аймактагы спорт клубдарына да катуу таасир тийгизгендигин, бир нече клуб барган шаарлардан чыгып жатып спортчуларынын каза болушу менен лигадан чыгууну ойлонуп жаткандарын баяндаган.

 

 



Тектеш кабарлар