Түрк басма сөзү  04.11.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1902031
Түрк басма сөзү  04.11.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан ТОГГ билдирүүсү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын 29 -  октябрда лентадан түшүрүлгөн ата мекендик автомобиль ТОГГ электр унаасын колдонуп жаткандагы сүрөтүн бөлүшкөндүгүн жарыялаган. Эрдоган Твиттер эсебинен : «Мына фабрика, мына лентадан түшүргөн биринчи акылдуу аппарат, мына республикабыздын жаңы кылымынын биринчи учкуну... Мына Түрк кылымы»,-  деп жазды.

«Ватан» гезити «ТОГГдогу өзгөчөлүк дүйнөдө бирөө гана» деп билдирип, ата мекендик унаа ТОГГдо сан ариптик система менен байланыш түзө алган акылдуу жана бир борбордон башкарылган  системанын болорун  белгилеген. Негизги процессор деп аталган бул башкаруучунун жардамы менен үй менен жумуш жери сыяктуу жерлер башкарыла алат. Унаа интернет байланышы менен заводдон жаңыртууларды  автоматтык түрдө ала алат. Бузулган учурда унаага алыстан кийлигишүүгө болот. Унааларда колдонулган инновациялар ТоГГго заматта жаңыртуулар менен келет.

«Йени шафак» гезити «Кремль: Түркия ишенимдин негизги фактору» деген маалыматында Дан келишимин токтоткондон кийин президент Эрдогандын ортомчулугу менен кайрадан сүйлөшүүгө кайткан Россиядан билдирүүнүн келгендигин жазган. Кремлдин катчысы Дмитрий Песков : «Түркиянын бул келишимде орун алышы келишимге болгон ишенимдин негизги фактору»,- деди.  

«Стар» гезити  «НАТОдон Түркияга  мактоо» деген макаласында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркияга жана президент Эрдоганга дан коридорунун кайрадан ишке кириши үчүн аткаргандарынан  улам ыракмат айтып : «Түркиянын бул маанилүү турмуш линиясын  коргоо жана миллиондогон кишинин муктаждыгын камсыз кылуу үчүн аткаргандарын чоң ыраазычылык менен кабыл алабыз»,- дегенин маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Грек басма сөзүндө күн тартиби Түркия» деген кабарында Грецияда күн тартибинин Түркия экендигин белгилеген. Proto Thema гезити президент Эрдогандын 2023 – жыл үчүн улуттук аскердик учак жана түрк фрегатына убада бергендигин жазган. Ушул эле кабарда Эрдогандын Чыгыш Фракиянын Россия менен кызматташуу ичинде бир энергетика борборуна айландыруу планы да орун алды. «Катимерини» гезити болсо «Тайфун  ракетасынын алыстыгы кеңейет» деп билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар