Түрк басма сөзү 2.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1900791
Түрк басма сөзү 2.11.2022

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган Путин менен сүйлөштү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Лидерлердин сүйлөшүүдө токтоп калган дан ташуу маселесин талкуулашканы белгилүү болду.

«Стар» гезити «Эрдогандан Германияга Греция эскертүүсү» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Германиянын канцлери Шольц менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Германиянын түрк-грек карым-катнаштарында бейтарап позициясына кайтуусун күткөндөрүн айтканын билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу орус кесиптеши менен сүйлөшүү өткөрдү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жазган. Сүйлөшүүдө дан коридору маселеси талкууланды.

«Ватан» гезити «Финляндиянын премьер-министри: Түркиянын чечимин күтүп жатабыз» аттуу маалыматында Финляндиянын премьер-министри Санна Марин Түркия менен Венгрияны Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздарын бекитүүгө чакырып: «Эми Венгрия менен Түркиянын чечимин күтүп жатабыз» дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Анталья туризминде бардык мезгилдердин эң мыкты октябрь айы» аттуу кабарында Антальяга 10 айда аба жолу менен келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 48 пайызга өсүп 12 миллион 743 миң 295ке жеткенин жазган. Октябрь айында келген 1 миллион 716 миң 202 турист менен бардык мезгилдердин эң мыкты октябрь айынын рекорду жаңыланды.



Тектеш кабарлар