Түрк басма сөзү 1.11. 2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1900277
Түрк басма сөзү 1.11. 2022

«Ватан» гезити" Эрдоган: Адамзатка кызмат кылуу аракетибизди чечкиндүү улантабыз" деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбулда  8 -  Түрк медицина дүйнөсүнүн конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө Россиянын дан келишимин токтотуусу менен байланыштуу : «Стамбулда курулушу кааланган орток механизм менен Украина буудайынын 9,3 миллион тоннасын адамзаттын кызматына сунуу менен азык  - түлүк кризисин салыштырмалуу азайттык. Россия өзү үчүн ошол эле жеңилдиктердин көрсөтүлбөшүнөн улам бул тууралуу олку  - солку болсо да биз адамзатка кызмат кылуу үчүн аракет кылууну улантабыз»,- дегенин кабарлаган.

«Йени шафак» гезити «Акар Шойгу менен дан өткөрүү боюнча сүйлөштү» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу менен дан өткөрүүгө байланыштуу телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн белгилеген. Акар дан өткөрүү демилгесин токтотуу чечиминин кайрадан каралып чыгылышын күткөндөрүн билдирди.

«Стар» гезити «Амреев : президент Эрдоган көрсөткөн лидерлиги менен түрк дүйнөсүн бириктирүүдө да ийгиликтүү болду» деп жазып, Түрк мамлекеттери уюмунун баш катчысы Багдад Амреевдин : «Акыркы 20 жылда Түркияны дүйнөгө тааныткан, бир гана аймагында эле эмес, дүйнөдө сөз ээси өлкөлөрдүн бири кылган президент Эрдоган көрсөткөн лидерлиги менен түрк дүйнөсүн бириктирүүдө да ийгиликтүү болду»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Кожа : саламаттыктын глобалдык жылдызы болгонубузду “Health Türkiye”  менен бүткүл дүйнөгө жарыялайбыз» деген маалыматында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын : «Күчтүү  коомдук жана жеке саламаттык сактоо мекемелерибиз менен  квалификациялуу саламаттыкты сактоо кадрларыбыз менен жогорку технологиялык инфраструктура жана тейлөө сапаты менен саламаттыкты сактоонун глобалдык  жылдызы экенибизди бүткүл дүйнөгө жарыялайбыз»,-дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити "Туристтик Чыгыш Экспедициялары башталды"- деп белгилеп, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун Туристтик Чыгыш Экспресс каттамдарынын декабрь айында кайрадан баштала турганын айтканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар