Түрк басма сөзү 28.10. 2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1898802
Түрк басма сөзү 28.10. 2022

«Йени шафак» гезити «Акар Палестинага басым жасады» деген кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Түркияга расмий сапар менен келген Израилдин коргоо министри Беньямин Ганц менен жолугушкандыгын кабарлаган. Акар : «Жоопкерчиликтерибизди билдирдик. Кызматташуубуздун жана диалогубуздун күчөтүлүшү Палестина жана башка маселелердин чечилишин жеңилдетет»,- деди.

«Стар» гезити «Польшадан толкунданткан Байрактар маалыматы» деп жазып, Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчактын Твиттер эсебинен учкучсуз учуучу аппарат Байрактар ТБ 2нин видеосун бөлүшүп «Келе жатышат» дегенин кабарлаган.

«Хүррийет» гезити «Газпромдун төрагасынан Түркия тууралуу билдирүү» деген макаласында Газпромдун башкаруу кеңешинин төрагасы Виктор Зубковдун Түркияда курулушу пландалган жаратылыш газ борборунун Европанын да кызыкчылыгына болорун айтканын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Түркия 9 айлык мезгилде 40 миллион 246 миң 899 турситти тосуп алды» деп билдирип, Түркиянын 9 айлык мезгилинде 40 миллион 246 миң 899 туристти тосуп алгандыгын, жалпы 35 миллиард 28 миллион 540 миң долларлык туризм кирешесин алгандыгын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору кайрадан World Class  сыйлыгынын ээси болду» деген кабарында түрк аба жолдору 2023 APEX Official Airline Ratingsте  эки сыйлыктын ээси болгондугун билдирген. Түрк аба жолдору 5 жылдыздуу глобалдык аба жолдорунун ичинде APEXтин эң жогорку сыйлык категориясы болгон World Classка кайрадан ээ болду.



Тектеш кабарлар