Түрк басма сөзү 18.10.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1894103
Түрк басма сөзү 18.10.2022

«Хүррийет» гезити» «Министр Чавушоглу Грецияга катуу каршылык көрсөттү» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ берген маалыматында Грециянын «Түркиянын качкындарга жаман мамиле кылгандыгы» тууралуу негизсиз сөздөрүнө каршылык көрсөтүп : «Туура эмес абалда да Греция сыяктуу туура көрүнүүгө  жана уялбастан, ойлонбостон аракет кылуу керек»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Түрк коргонуу өнөр жайы дүйнөнүн күн тартибинде» деп жазып, өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын «Байрактар», «Гөкбей» тик учагы, «TCG Анадолу» кемеси, АТАК тик учагы менен түрк коргонуу өнөр жайынын дүйнөдө күн тартибин белгилегендигин айтканын билдирген.

«Сабах» гезити «Антальяга аба жолу аркылуу келген турист саны 12 миллиондон ашты» деп билдирип, Антальяга аба жолу менен келген жалпы турист саны 16 -  октябрдан тарта 12 миллиондон ашкандыгын, өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 51 пайызга өсүү болгондугун маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «ТУРКОВАКтан кийин максат жергиликтүү КККА вакцинасы» деген макаласында ТУРКОВАК вакцинасын иштеп чыккан профессор доктор Айкут Өздарендели Ковид – 19  эпидемиясынан улам 2 жыл күттүрүүгө мажбур болушкан Крым-Конго геморрагиялык ысытмасына (КККА) каршы вакцинаны иштеп чыгаруу иштерин кайрадан башташарын жана кыска убакыттын ичинде Фаза  - 1  баскычына өтүүнү пландап жатышкандарын айтканын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Автомобилде өндүрүш жана экспорт өстү» деген кабарында жылдын биринчи 9 айлык мезгилинде Түркияда автомобиль өндүрүшү 4 пайызга өсүп, 962 миң 18 даана болуп ишке ашканын белгилеген. Бул мезгилде жалпы экспорт 687 миң 966 даана болсо, автомобиль экспорту 396 миң 604 даана болуп ишке ашты.



Тектеш кабарлар