Түрк басма сөзү  14.10.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1892702
Түрк басма сөзү  14.10.2022

 «Хабер түрк» гезити «Эрдоган Путин менен жолугушту» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Россиянын президенти Владимир Путиндин Казакстандын борбор шаары Астанада жолугушкандыгын жазган. Эрдоган Мерсинде курулуп жаткан Аккуюу атомдук станциясынын биринчи турбинасынын алдыбыздагы жылдын биринчи жарымында ачылышынын дүйнөгө башка бир үн алып келерин, Синопто курулушу пландалган  атомдук станция тууралуу да кадам таштала турган болсо мунун башка бир таасири болорун айтты. Путин болсо : «Түркияны чоң газ борбору кылуу ниетибизди билдирдик»,- деди.

«Стар» гезити «Путин : дан алган өлкөлөр Эрдоганга ыраазы болуш керек» деп жазып, Россиянын президенти Владимир Путиндин Украина данынын аз бөлүгүнүн жакыр өлкөлөргө кетип жаткандыгын белгилегенин жазган. Путин Стамбул келишиминин негизинде Украина данын алган өлкөлөрдүн президент Эрдоганга ыраазы болушу керектигин айтты.

«Йени шафак» гезити «Зеленскийден Түркияга ыраазычылык» деп жазып, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Украина жана Россиянын ортосундагы туткун алмашууда ортомчулук ролунан улам Түркияга ыраазычылык билдиргендигин жазган. Украинанын лидери : «Азовсталдагы айрым туткундардын бошотулушунда бизге жардам берген түрк жетекчилерге ыракмат айткым келет»,- деди.

«Хүррйиет» гезити «Рецессия жөнүндө сөз болбогон өлкө Түркия» деген маалыматында Түркия Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Шахап Кавжыоглунун өзгөчө Европанын рецессия коркунучу алдында турганын айтканын белгилеген. Түрк экономика моделинин ийгилигине басым жасаган Кавжыоглу: «Рецессия жөнүндө сөз болбогон жалгыз өлкө Түркия»,-деди.

«Ватан»  гезити «ТОГГ 29 -  октябрда түшүрүлөт» деген макаласында жергиликтүү автомобиль  ТОГГдун Бурсанын Гемлик районундагы өндүрүш ишканасы 29 -  Октябрь Республика майрамында президент Эрдогандын катышуусу менен ачыларын маалымдаган. Биринчи модель электрдүү C-SUV 5 айлык сыноолордон кийин 2023 -  жыл март айында сатууга чыгарылат. C-SUV 15 – 18  ай боюнча бир гана ички базарда андан кийин да Европага сатылат.



Тектеш кабарлар