Түрк басма сөзү  11.10.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1891203
Түрк басма сөзү  11.10.2022

«Сабах» гезити «Эрдогандан Европа Биримдигине Чыгыш Жер Ортолук деңизи тууралуу чакыруу» деген кабарында Президент Эрдогандын : «Ар бир платформада болгондой  Чехиянын  борбор шаары Прагада да европалык лидерлерге Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Эгей маселелерин эл аралык мыйзамдын негизинде чечүүнү каалаганыбызды айттык»,- дегенин жазган. Эрдоган : «Европа Биримдигинин бул темада туура эмес жана мыйзамсыз аракеттерге колдоо берүүнүн ордуна эки тараптуу негизде диалогго чакыруусун күтүп жатабыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Европа кышты кандай өткөрөрүн ойлоп жатат. Биздин мындай маселебиз жок» деген макаласында Президент Эрдогандын Европадагы энергетика кризисине байланыштуу акыркы Прага саммитинде европалык лидерлердин бул кышты кандай өткөрүшөрүн айткандарын баса белгилеп : «Аларга биздин мындай маселебиз жок»,- дедим дегенин жазган. Эрдоган алдыбыздагы жылдын баштарында Кара деңизден жаратылыш газ чыгарганда Түркиянын жеңилдей тургандыгын айтты.

«Стар» гезити «Микелсон: Эрдогандын Путинге айта турган сөздөрү бар» деп билдирип, Эстония парламентинин Тышкы иштер комиссиясынын төрагасы Марко Микелсондун Түркиянын ортомчулук ролуна басым жасагандыгын билдирген. Микелсон : «Президент Эрдоган акыркы мезгилде согушкан тараптарды сүйлөшүү столуна алып келип маанилүү дипломатиялык кыймылдарды кылды. Атомдук куралдар тууралуу да Эрдогандын Россиянын президенти Владимир Путинге айта турган сөздөрү болушу мүмкүн»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Чыгыш Жер Ортолук деңизинин газында эң ыңгайлуу жол Түркия» деп жазып, АКШнын тышкы иштер министрлигинин мурдагы кеңешчиси Метью Бризанын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жаратылыш газынын Европага ташылышында  ссода жактан эң ыңгайлуу жолдун Түркия аркылуу өткөн куур болушу керектигин айтты. Бриза : «Мунун тышындагы жолдор абдан кымбат болгону үчүн ылайык эмес»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия оң жагынан айырмаланууну улантууда» деген макаласында Казына жана каржы министри Нуреддин Небатинин : «Түркиянын экономика модели жогорку өсүү жана жумуш менен камсыз кылууда дүйнө экономикаларынан оң жагынан айырмаланууну улантуудабыз»,- деди. Небати Түркияда жумушсуздук катнашынын бир сандуу деңгээлге түшкөндүгүн белгиледи.



Тектеш кабарлар