Түрк басма сөзү 01.09.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1874430
Түрк басма сөзү 01.09.2022

«Стар» гезити «Эрдоган: Душмандарыбыз бизден коркуп турушат» атуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, Улуттук коргоо университетинин Деңиз-аба күчтөрү академиясынын диплом жана туу тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз эми куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттарыбыз менен, чабуул коюучу Акынжыларыбыз менен барбыз. Бул куралдарыбыздан улам дүйнөдө бизге душмандык кылгандар коркуп турушат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түркия S-300 кысым көрсөтүүлөрүн НАТОго билдирет» аттуу маалыматында Грециянын орусиялык С-300 абадан коргонуу системасы менен Эгей деңизинде учкан түрк учактарына жасаган кысымы НАТОго билдирилип жатканын жазган. Түркия альянска кирген өлкөлөрдүн министрликтерине радар жазууларын жөнөтөт.

«Хабер түрк» гезити «Түркия OECD жана Чоң жыйырмалыкта эң көп өскөн 2-өлкө» аттуу кабарында казына жана каржы министри Нуреттин Небати жылдын экинчи чейрегинде 7,6 пайызга өскөн түрк экономикасынын, Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюму OECD жана эң чоң 20 экономикага кирген (Чоң жыйырмалык) өлкөлөрүнүн арасында эң көп өскөн экинчи өлкө болгонун айтканын билдирген.

«Йени Шафак» гезити «Блумбергден көңүл буруучу талдоо» аттуу кабарында Түркиянын өсүп жаткан экономикасы дүйнөнүн көңүлүн бурганын жазган. The Economist журналынын баалоосунан кийин дагы бир көрүнүктүү талдоо Bloomberg медиа мекемесинен келди. Түрк экономикасынын эч нерсеге карабай рельстен чыкпаганын белгилеген Bloomberg, президент Режеп Таййип Эрдогандын «экспорт, өндүрүш, иш менен камсыз кылуу» деген билдирүүсүн эске салып, Түркиянын Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнүн өсүү ылдамдыгынан да ашып өткөнүнө көңүл бурду.

«Ватан» гезити «TOGG март айында сатыкка чыгат» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркиянын унаасы Тоггдун март айында жолго чыга турганын айтканын жазган. Бурсанын Гемлик районунда курулуп жаткан ишкананын 29-октябрда ачыла турганын жарыялаган Варанк, C классындагы SUV тибиндеги унаанын ошол эле класстагы ичтен күйүүчү унаалар менен атаандаша турганын жана ушундай эле баада сатыла турганын билдирди.



Тектеш кабарлар