Түрк басма сөзү  18.03. 2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1797707
Түрк басма сөзү  18.03. 2022

«Сабах» гезити «Эрдоган менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Россиянын президенти Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн кабарлаган. Эрдоган айрым темалар тууралуу  макулдашуу боюнча лидерлер деңгээлинде сүйлөшүүлөрдүн керек болорун белгилеп, Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Стамбул же Анкарага чакыруу сунушун кайталады.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу ок атышпоо үчүн үмүтүбүз артты» деп жазып, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Москва сапарынан кийин  Украинага барып Львов шаарында тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен  жолугушкандыгына көңүлдөрдү бурган. Чавушоглу жолугушуудан кийин берген билдирүүсүндө ок атышпоо үчүн үмүттөрдүн арткандыгына көңүлдөрдү бурду.

«Стар» гезити «Кулеба :  Тайманбастыгыңыз Түркиянын активдүү бир актер экендигин далилдеп жатат» деген макаласында Түркияны Россия  -  Украина согушунун чечилишинде кепил өлкөлөрдүн катарында көрүүнү каалагандарын айткан Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба министр Чавушоглуна жеке аракеттеринен улам ыраазычылык билдирди. Кулеба : «Чечкиндүүлүгүңүз, тайманбастыгыңыз жана жеке сапарыңыз, Түркиянын активдүү бир актер экендигин далилдеп жатат»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Түрк коому жашаган жерлерде үй  - бүлө аташеликтери ачылат» деп билдирип, үй  -  бүлө жана социалдык  тейлөө министри Деря Янык  өлкө тышында өзгөчө Европада түрк коомунун камкордукка алуу  боюнча маселелерди жашагандыгын белгилеп «Түрк коому жашаган бардык жерде  үй  - бүлө аташеликтерибизди ачабыз»,- дегенин кабарлаган. 

«Хабер түрк» гезити «Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунан Түркияга качкындардын саламаттыгын сактоо боюнча мактоо» деген кабарында Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун  Европа аймактык директору доктор Ханс Клуге Европа аймагынын миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча Европа аймагынын жогорку деңгээлдеги жыйыны үчүн Стамбулду тандоосунун себеби Түркиянын бардык качкындарга эч кандай дискриминациясыз бирдей саламаттык сактоо кызматын бериши экендигин айтты.



Тектеш кабарлар