Түрк басма сөзү  15.03.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1795669
Түрк басма сөзү  15.03.2022

«Стар» гезити «Президент Эрдоган : макулдаштык» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын : «Германиянын канцлери Олаф Шольц менен президенттик комплекстеги биргелешкен пресс – жыйында Россия  -  Украина согушу тууралуу «Европанын коопсуздугуна карата чараларды көрүп, бир тараптан да чечүүчү жол үчүн дипломатиялык аракеттердин ылдамдатылышында макулдаштык»,- дегенин жазган. Шольц да : «Эрдоган менен кол салуулар тууралуу тынчсыздануулар боюнча бирдей пикирдебиз. Кыска убакытта  ок атышпоонун түзүлүшү тууралуу да бирдей пикирдебиз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Кулебадан Түркияга ыраазычылык билдирүүсү» деген макаласында тышкы иштер министри Мевлүт Чавшоглунун украиналык кесиптеши Дмитрий Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн маалымдаган. Сүйлөшүүдөн кийин твиттерден маалымат берген Кулеба : «Бул кыйын учурларда тилектештик көрсөткөнү үчүн Түркияга ыраазыбыз»,- деп жазды.

«Сабах» гезити «АКШдан маанилүү сапар» деп жазып, АКШнын Анкарадагы элчиси Жеффри Флейктин Россиядан  чыгууга даярданып жаткан 5 миң америкалык фирмага Түркияны адрес катары көрсөткөндүгүнө байланыштуу кабарлардан кийин Америка фирмаларынын өкүлү АКШ Соода палатасынын төрага орун басары Мирон Брилланттын бул жумада Түркияга келерине токтолгон.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын биринчи танк эскпорту ишке ашты» деген маалыматында ФНСС коргоо системаларынын башкы директору Наил Курттун  Индонезия үчүн чыгарылган «Каплан МТ» танкынын тапшырыла баштагандыгын жана долбоордун биринчи пакетинин бул жылы аяктай тургандыгын айтканын белгилеген.

«Йени шафак» гезити  «ТОГГ: эң мыкты 20 марка тизмесинде алтынчы орунду алдык»  деп жазып, жергиликтүү автомобиль ТОГГдун соцтармактан берген билдирүүсүндө "Exhibitor 2 миң 300 катышуучунун арасында талапкер катары көрсөткөн мыкты 20 марканын тизмесинде 6 -  орунду алдык»,- деп билдирилгенин кабарлаган.



Тектеш кабарлар