Түрк  басма сөзү 22.02. 2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1782661
Түрк  басма сөзү 22.02. 2022

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган Сенегал менен жаңы соода максатын билдирди» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандындын Дакарда Сенегал  -  Түркия бизнес форумунда сүйлөгөн сөзүндө Сенегал менен соода максатын билдирди. Эрдоган : «Урматтуу президент менен көздөгөн 400 миллион соода көлөмүнө жетиштик. Эми максатыбыз 1 миллион доллар. Биргелешкен аракетибиз менен бул көрсөткүчкө кыска убакытта жетебиз деп ишенем»,-деди.

«Сабах» гезити «Шентоп : Грузиянын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө берген күчтүү колдообузду улантуудабыз» деген маалыматында Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоптун расмий сапар менен барган Грузияда : «Грузиянын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө берген күчтүү колдообузду да улантуудабыз. Бул тууралуу мамилебизди ар платформада баса белгилеп жатабыз»,- дегенин билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Түркия учкучсуз учуучу аппараттар тууралуу тышка болгон көз карандылыктан кутулду» деп жазып, Байкар технология лидери Селчук Байрактардын : «Түркия учкучсуз учуучу аппараттар тууралуу тышка болгон көз карандылыктан кутулду. Учкучсуз учуучу аппараттары дүйнөнүн эң мыктысы»,- дегенине токтолгон. Байрактар Учкучсуз учуучу аппараттар тармагында Түркиянын дүйнөдө биринчи үчкө киргендигин баса белгиледи.

«Стар» гезити «Январь айында Түркияга келген чет элдик саны 1 миллиондон ашты» деген макаласында Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда Түркияга январь айында 1 миллион 281 миң 666 чет элдик келгендигин, Россия 134 миң 215 киши менен эң көп турист келген өлкө болду. Болгария 109 миң 971 менен экинчи, 106 миң 957 киши менен Иран үчүнчү орунду алганын маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдору рекорддук учууну пландап жатат» деген кабарында түрк аба жолдорунун келерки жайда Анталья, Даламан, Бодрум  -  Милас жана Измирден 29 өлкөдөгү 47 шаарга жумасына 388 түз каттам жасап, Түркияны аймактын туризм борборуна айлантарын билдирген.  



Тектеш кабарлар