Түрк басма сөзү 9.11.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1731317
Түрк басма сөзү 9.11.2021

«Йени шафак» гезити : «Эрдоган: Түркия эпидемияга каршы күрөшүн ийгиликтүү улантууда» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ болгон кабинет жыйынынан кийин берген билдирүүсүндө Түркиянын Ковид  - 19  эпидемиясы менен күрөшүн ийгиликтүү улантып жатканын, дүйнөдөгү абалдарды жакындан иликтеп жатканын айтканын жазган. Эрдоган : «Бейтаптардын саны, ооруканага жаткырылгандар, реанимация жана өлүм көрсөткүчтөрү көзөмөлдөй ала турган деңгээлде», - деди.

«Сабах» гезити «Тарыхый жеңиштин биринчи жылында Карабах сапары» деген макаласында

Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери менен бирге Карабах жеңишинин биринчи жылы үчүн кечээ Азербайжанга баргандыгын кабарлаган. Министр Акар бул жерде сөз сүйлөп, ар дайым Азербайжандын жанында болушарын белгиледи жана Арменияны душмандык мамиледен алыс болуу боюнча эскертти.

«Стар» гезити «Эрдоган абдан күчтүү бир лидер, мындан пайдалануубуз керек» деп жазып, Босния - Герцеговина Элдик Парламентинин төрагалык кеңешинин мүчөсү Бакир Изетбеговичтин президент Режеп Таййип Эрдогандын күчтүү жана жакшы карым - катнаштары бар лидер экенин, мындан Босния - Герцеговинанын да  пайдаланышы керектигин айтканына токтолгон.

«Хүррийет» гезити  «115 өлкөгө 14,4 миллион долларлык чай экспорттолду» деген маалыматында Түркиянын 2021 - жылдын январь - октябрь мезгилинде 115 өлкөгө жасаган чай экспортунан 14 миллион 435 миң 902 доллар киреше тапкандыгын жазган.

«Хабер түрк» гезити  : «Анталья туризмде чет элдик атаандаштарын артта калтырды» деп билдирип, дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди тарткан Антальянын быйыл Жер Ортолук деңизиндеги туризм аймактарынын арасында эң көп туристти кабыл алган жер болгондугун маалымдаган. Жер Ортолук деңизи туристтик отелчилер жана операторлор биримдигинин төрагасы Эркан Йагжы : «Сентябрь айынын акырына карата Анталья эң жакын атаандашы катары көргөн Испаниянын Майорка аралдарынан эки эсе көп туристти кабыл алды. Алар 3,5 миллион туристти кабыл алса, биз 8,5 миллионго жеттик»,- деди.



Тектеш кабарлар