Түрк басма сөзү  5.11.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1729773
Түрк басма сөзү  5.11.2021

«Хүррийет» гезити  «Эрдоган: Жыл аягына чейин эки орундуу өсүшкө жетебиз» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия 2023 саммитине видео кайрылуусу менен катышып, Түркияны өндүрүш, экспорт, инвестиция жана иш менен камсыз кылуунун негизинде көтөрүүнү уланта тургандарын айтканын жазган. Эрдоган: «Эл аралык уюмдар 9 пайыз деп эсептешсе да, жыл аягына чейин эки орундуу өсүү көрсөткүчүнө жетебиз деп ойлойбуз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Эрдоган: Түрк Кеңеши арабыздагы бир туугандыктын, тилектештиктин жана кызматташтыктын символу» деп жазып, президент Эрдогандын Түрк Кеңешинин били берүү министрлеринин 6 -  жыйыны жана Эл аралык түрк академиясынын билим берүү кеңешинин  4 -  жыйынына жиберген видео билдирүүдө : «Түрк Кеңеши арабыздагы бир туугандыктын, тилектештиктин жана кызматташуунун символу»,- дегенине токтолгон.

«Стар» гезити «Чавушоглу : бул сунуш Байден тарабынан келди» деген макаласында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун АКШнын ПКК/ПЙД/ЙПГ менен кызматташуу, ФЕТӨнүн АКШда болушу жана С  - 400дөргө байланыштуу санкциялар тууралуу мамилесинин союздаштык рухуна туура  келбей тургандыгын айтып : «Бул маселелерди талкуулай турган иш алып баруу тобун түзөбүз. Бул сунуш АКШ тарабынан, Байденден келди»,- дегенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Калындан  Ф  - 35 билдирүүсү» деген маалыматында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын АКШ менен болгон Ф  - 35  кризисине байланыштуу алдыңкылыктын программанын ичинде орун алуу экендигин, болбосо да Ф  - 16лар менен ордун толтуруу жолуна барыларын  айтканын билдирген. Калын : «Ф  - 35  маселеси чечиле албаса убакытты текке кетире албайбыз, мунун ордун Ф  - 16лар менен толтуруу жолуна барабыз»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын Түркиянын жылдын акырындагы өсүү болжолун 9 пайызга жогорулатты» деп билдирип,  Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын Аймактык Экономикалык Көрүнүш отчетунда  Түркиянын 2021 – жылы өсүү болжолу 5, 5 пайыздан 9 пайызга жогорулатылганын белгилеген.



Тектеш кабарлар