Түрк басма сөзү 3.11.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1728537
Түрк басма сөзү 3.11.2021

«Йени шафак» гезити: «Президенттиктин басма сөз катчысы Калын: Түркия эми кабыгын жарды» аттуу кабарында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын кечээ Стамбулдагы билдирүүсүндө : «Түркия эми кабыгын жарды. Акыркы 15-20 жылда «сен кыла албайсың, биз кылдырбайбыз» дегендеринин баары бир-бирден аткарылды»,- деп айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити: «Министр Сойлу Грециянын иммиграция министри Митаракис менен жолугушту» деген маалыматында ички иштер министри Сүлейман Сойлу кечээ Түркияга келген Грециянын иммиграция министри Нотис Митаракис менен жолугушканын билдирген. Баш калаа Анкарада жабык эшик артында өткөн жыйында иммиграция, террор менен күрөшүү жана коопсуздук маселелери каралды.

«Сабах» гезити: «Билл Гейтс менен Жефф Безос Бодрумдан кете албай жатат» аттуу кабарында Microsoft технологиялык компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин "Лана" жана америкалык электрондук соода гиганты Амазондун негиздөөчүсү Жефф Безостун «Flying Fox» мега яхталары Бодрумга келгенин жазган. 10 күнгө жакын миллион долларлык яхталары менен Измир, Айдын жана Мугланын жээктерин кыдырган Билл Гейтс менен Жефф Безостун Гейтстин туулган күнүн белгилөө үчүн Бодрумга келишкени белгиленди.

«Хабер түрк» гезити: «Түркиянын экспорту менен импортунун ортосундагы ажырым тез жабылууда» аттуу маалыматында Түркия быйыл айлык жана жылдык негизде экспорт боюнча рекорддорду жаңыртса, экспорттун импортко катышы 93,4 пайыз менен Республика тарыхынын эң жогорку чегине жеткенин кабарлаган.

«Стар» гезити: «Виктория Зейнеп Гүнештен тарыхый ийгилик! Алтын медалга ээ болду» деген кабарында улуттук сууда сүзүүчү Виктория Зейнеп Гүнештин кыска аралыкта сүзүү боюнча Европа чемпионатында 400 метр жеке жарыш категориясында алтын медалга ээ болуп, Түркияга чоңдор арасында биринчи Европа чемпиондугун алып келгенин билдирген.



Тектеш кабарлар