Түрк басма сөзү 2.11. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1727958
Түрк басма сөзү 2.11. 2021

«Йени шафак» гезити «Эрдоган : Байденден Ф  - 16  алуу тууралуу тескери мамиле көргөн жокмун» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Италиядан кайтышында  учакта журналисттерге АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуусу тууралуу маалымат берип : «Биздин Ф  - 35  маселебиз бар. Маалым болгондой  1 миллиард 400 миллион долларлык төлөмүбүз бар.  Бул тууралуу Ф  - 16  алууну сүйлөштүк. Бул тууралуу да андан тескери мамиле көргөн жокмун»,- дегенин кабарлаган.

«Хүррийет» гезити  «Экинчи жыйын АКШда өткөрүлөт» деген маалыматында Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Түркия менен АКШнын коргоо министрликтеринин ортосунда Ф  - 35 тууралуу келишпестиктин  жоюлушу жана финансылык жагдайларды сүйлөшүү максатында экинчи жыйындын бир канча айдын ичинде Вашингтондо өткөрүлүшү пландалгандыгын белгиленип : «Биз позициябызды ортого салдык. Биринчиден Ф  - 35  программасына кайтуу, экинчиден бөлүнгөн учактардын тапшырылышы эгерде булар болбой турган болсо төлөгөн акчанын кайтарылып берилиши тууралуу бир көз карашыбыз бар»,- деп билдирилгенин жазган.  

«Стар» гезити «Экспортто жаңы рекорд» деп жазып, соода министри Мехмет Муштун октябрь айындагы экспорттун өткөн жылдын улуш эле айына караганда 20, 2 пайыздык өсүү менен 20, 8 миллиард долларга жеткендигин билдирип : «Бул көрсөткүч менен   өткөн айдагы республика тарыхынын эң жогорку айлык экспорт көрсөткүчү жаңыланды»,- дегенине токтолгон.

«Хабер түрк» гезити «Дөнмез : 60 миллион баррелге жакын нефтиге барабар запас алып келинди» деген макаласында Энергия жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин : «Кара деңизде табылган жаратылыш газ  менен бирге 2021 - жылы жер тилкелеринде жасалган 26 жаңы ачылыш менен өлкөбүзгө болжол менен 60 миллион баррел нефть эквивалентиндеги запастар алып келинди»,- дегенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Түркияда туризм кирешеси 181 пайызга өстү» деп билдирип, Түркия статистика мекемеси тарабынан билдирилген маалыматтарга караганда туризм кирешеси июль, август жана сентябрь айларынан турган үчүнчү чейректе андан мурунку бир жылдын ошол эле чейрегине караганда 181, 8 пайызга өсүп, 11 миллиард 395  миллион 117 000 доллар болгонун жазган.



Тектеш кабарлар