Түрк басма сөзү 27.10.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1725615
Түрк басма сөзү 27.10.2021

«Стар» гезити «Карабахтагы тарыхый күн» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Карабахтын дүйнөгө ачылган дарбазасы болгон «Физули» эл аралык аэропортунун ачылыш аземине катышуу үчүн Азербайжанга барганын жазган. Эрдоган «Физули» эл аралык аэропортуна конгон биринчи лидер болду.

«Йени Шафак» гезити «Президент Эрдоган Карабахта Армения менен нормалдашуу шартын жарыялады» деген кабарында президент Эрдоган Түркиянын аймакта туруктуу тынчтыктын болушун жактаганын белгилеп: «Бардык мүмкүнчүлүктөр менен боордош Азербайжанга колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,-деп атканын баяндаган. Эрдоган Армениянын Азербайжан менен болгон көйгөйлөрүн чечүү үчүн чын ыкластан эрк көрсөтүшү керектигин, мындай болгон учурда Түркия менен Армениянын нормалдашуусуна эч кандай тоскоолдук калбай турганын белгиледи.

«Хабер түрк» гезити «Ирак-Сирия уруксат документи Түркия Улуу Улуттук Жыйынында кабыл алынды» деген маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн зарыл болгон учурда чек аранын ары жагына операцияларды жүргүзүү жана кийлигишүү үчүн Ирак жана Сирияга жиберүү темасында Түркия Республикасынын Президентине берилген ыйгарым укукту 2 жылга узартуу сунушу Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) Жалпы кеңешинде кабыл алынганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «UÇBEY биринчи жолу колдонулду» аттуу кабарында Мардиндин Артуклу районунун айыл аймагында 23-октябрда жок кылынган 2 террорист, Коопсуздук башкы башкармалыгы тарабынан чыгарылган жана талаада биринчи жолу колдонулган «УЧБЕЙ» деп аталган жергиликтүү жана улуттук VTOL (Вертикалдык конуу жана учуу) учкучсуз учуучу аппараты менен кургактыктагы аскердик элементтерге заматта абадан тартылган көрүнүштөрдү жиберүүсүнөн кийин зыянсыздандырылганын маалымдаган.

«Ватан» гезити «Улуттук электр поезди үчүн дата берилди» деген кабарында заводдук сыноолору аяктаган улуттук электр поезди келерки жылы рельске чыгышы күтүлгөнүн маалымдаган.  Саатына 160 километрге ылайыкталган 3 улуттук электр поезди келерки жылы Түркия Республикасынын Мамлекттик темир жолдорунун (TCDD) Tранспорт акционердик коомуна тапшырылат.

 

 



Тектеш кабарлар