Түрк басма сөзү  05.10.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1714896
Түрк басма сөзү  05.10.2021

«Ватан» гезити «Түркиядан Чыгыш Жер Ортолук деңизи үчүн так маалымат» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Греция менен Түштүк Кипр Рум башкаруусунун бир тараптуу жана чагымчылдык кадамдары тууралуу Түркиянын дипломатия жана адилеттүү бөлүшүүнү жактагандыгын айтканын жазган. Чавушоглу : "Биз өзүбүздүн укуктарыбызды жана Кипр түрктөрүнүн укуктарын акырына чейин коргойбуз. Бул укуктарга зыян келтире турган кадам болгондо биз дагы керектүү нерселерди жасайбыз", - деди.

«Йени шафак» гезити «Немис АРД каналынан түрк курал өнөр жайына мактоо» деп жазып, немис Биринчи телекөрсөтүү каналы АРДнын түрк курал өнөр жайынын жогорулап бара жаткандыгына байланыштуу кабар жарыялагандыгын белгилеген. Каналдын кабар бюллетени Tagesschauнун интернет айтында “Түрк курал өнөр жайы жогорулап баратат» деген тема колдонгон. Кабарда :  «Дрондор жанданган түрк коргоо өнөр жайынын экспортунда эң көп сатылган продукциялар катары өнүгүүдө»,- деп билдирилген.

«Хабер түрк» гезити «Жергиликтүү автомобиль ТОГГ кийинки жылы массалык өндүрүштү баштайт» деген макаласында Түркиянын автомобиль демилге группасы ТОГГдун СЕОсу Мехмет Гүржан Каракаш : «Алдыбыздагы жылдын ортосуна чейин объекттерди каражаттар менен толук камсыздагандан кийин  топ түрүндө унаабызды өндүрүшкө даярдоо калат. Келерки жылдын акырында массалык өндүрүштү баштайбыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиянын максаты толкундандырды» деген маалыматында Түркия космостук агенттигинин космостук илимдер бөлүмүнүн башчысы профессор Ибрахим Күчүк Түркиянын космос жаатындагы максаты Айга жетүү экенин айтканын кабарлаган.  Күчүк: «Учурда учуруу мүмкүнчүлүгүбүздү жакшыртуу боюнча иштеп жатабыз. Бул жагынан олуттуу кадамдар жасалууда. Айга бара турган унаада же Айдын орбитасына бара турган унаада сыноо иштери жүргүзүлүүдө »,- деди.

«Хүррийет» гезити «Формула 1  Түркия Гран - приге атайын кубок» деген кабарында Intercity Стамбул Парк тарабынан атайын даярталыган чемпиондук кубогунда спорт сүйүүчүлөр жакындан билген белгилүү  8 -  бурч менен түрк маданиятынан элементтерди камтыгандыгын билдирген. Кубокто учкучтар эң көп кыйналган 8 -  бурч темасы иштелип, кубоктун үстүнкү бөлүгүндө  ай менен жылдыздын фигуралары жана түрк мотивдери бар. Түркия Гран -присинин тандоо туру 9 -октябрь ишемби күнү, жарыш 10 - октябрь жекшемби күнү өтөт.



Тектеш кабарлар