Түрк басма сөзү6.08.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1686593
Түрк басма сөзү6.08.2021

«Йени шафак» гезити «Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынында өрт менен күрөшүүгө басым жасалды» деген макаласында президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигиндеги Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийин жарыялаган билдирүүдө Түркияда өрттөр тууралуу жүргүзүлүп жаткан күрөштүн талкуулангандыгын жана кошумча чаралар тууралуу сөз болгондугун маалымдаган.

«Хүррйиет» гезити «Шентоп : Эң көп Иран менен Түркия таасирленүүдө» деген кабарында Түркия Улуттук Прламентинин спикери Мустафа Шентоптун Иран парламентинин спикери Мухаммед Бакыр Калибаф менен жолугушуусунда Афганистандагы миграциямаселесинен эң көп Иран менен Түркиянын таасирленгендигин белгилеп : «Афганистанда туруктуулуктун түзүлүшү жана миграция толкунунун токтотулушу үчүн кызматташуубузду күчөтүшүбүз керек»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Министр Кожадан «Интеллектуалдык менчик» чакыруусу» деп жазып, саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын вакцина чыгарган жана өндүргөн өлкө жана фирмалардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн Ковид- 19вакцина кызматташуусу форумунда сүйлөгөн сөзүндө интеллектуалдык менчик мыйзамдары тууралуу маселенин чечиле албагандыгы капалантуучу экендигин баса белгилеп : «Эл аралык кызматташуунун бул маселе боюнча ылдамдатылышына ишенем»,-дегенине токтолгон.

«Сабах» гезити «ТОГГдон Германия кыймылы» деген маалыматында жергиликтүү автомобиль ТОГГдун жогорку деңгээлдеги башкаруучусу Гүржан Каракаштын 2022 -жылдын акырында массалык өндүрүш линияларынан чыга турганын жана биринчи түрк рыногуна сатыла турганын айткан Каракаштын : «1,5 жылдан кийин алгач Германияда, андан кийин Европанын башка базарларында сатууну баштайбыз», - дегенин кабарлаган.

«Стар» гезити "Turkish Cargoнун ийгилиги" деп билдирип, Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) тарабынан жарыяланган маалыматка караганда, өткөн жылдын июнь айында ташыган жүк катнашы боюнча 6 -орунда турган Turkish Cargoнун 2021 - жылдын июнь айында Америка, Европа жана ыраакы чыгыштык атаандаштарын артка калтырып үчүнчү орунга жогорулагандыгын белгилеген.



Тектеш кабарлар