Түрк басма сөзү  04.08.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1685401
Түрк басма сөзү  04.08.2021

«Ватан» гезити «Эрдоган Болгариянын президенти Радев менен сүйлөштү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Болгариянын президенти Румен Радев менен  телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирген. Сүйлөшүүдө өрт менен күрөшүүдө кызматташуу жана эки өлкөнүн карым – катнаштарын өнүктүрүү жагдайлары талкууланды.

Президент Эрдоган токой өрттөрүнөн улам көңүл айткан  Болгариянын президенти Радевге өрт менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосунан улам ыракмат айтты.

«Йени шафак» гезити «Түркия мигранттар тууралуу АКШга каршылык көрсөттү» деп жазып, АКШнын тышкы иштер министрлигинин мурунку күнү берген маалыматында мигранттарды кабыл алуу программасына байланыштуу кайрылуулардын үчүнчү өлкөлөрдөн алынары билдирилип, Түркияны да белгилегендигине токтолгон. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Акыркы 7 жылдан бери эң көп мигрант алган өлкөбүздүн жаңы бир мигрант кризисин үчүнчү өлкөнүн атынан көтөрүү мүмкүнчүлүгү жок. Жоопкерчиликсиз түрдө жана өлкөбүз менен кеңешпестен чыгарылган чечимди кабыл албайбыз»,- деп билдирилди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия менен Россиянын ортосунда Сирия сүйлөшүүсү» деген макаласында президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын Россиянын Сирия атайын өкүлү Александр Лаврентьев менен президенттик комплексинде жолугушкандыгын маалымдаган. Жолугушууда Сириядагы актуалдуу абалдар жана саясий процесстин каралгандыгы билдирилди. Идлибде ок атышпоонун сакталышынын мааниси баса белгиленген жолугушууда келишим түзгөн ырааттуулук чөйрөсүнүн зыянын тийгизе турган чагымчылдык кол салууларга уруксаттын берилбеши керектиги боюнча бирдей пикирге барылды. ПЙД/ЙПГ/ПКК менен ДЕАШ жана башка террордук топторго каршы чечкиндүүлүк менен күрөшүү баса белгиленди.

«Сабах» гезити «Ирактын түндүгүндө ПККга оор сокку урулду» деген маалыматында Ирактын түндүгүндө жүргүзүлүп жаткан «Чеңгел  -  Чагылган» операцияларынын 100 -  күнүндө ПКК террордук уюмунун негизги жери болгон Авашин  толугу менен көзөмөлгө алынгандыгын жазган. 223  анын ичинен 13 башкаруучу болгон террорист жок кылынды. 28 жер астында тоннел да операцияларда жардырылды. 1337 мина жана колдо жасалган, кыйратуучу күчү жогору болгон бомба да жардырылды.

«Хүррийет» гезити «ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмеси билдирилди» деген кабарында Малатьянын Батталгази районундагы жана ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган Арслантепенин  туруктуу тизмеге алынгандыгын белгилеген. Тарыхы бизин заманга чейинки 5000 -  жылдарга барган дөбөнү жыл сайын  он миңдеген адам келип көрүүдө. Ушул кезге чейин жасалган казууларда көп сандаган чыгарма ортого чыгарылды. 7 000 жылдык тарыхы менен аристократия жаралган, алгачкы мамлекет формасы ортого чыккан Арслантепе дөбөсү 2014 -  жылы убактылуу тизмеге алынган.



Тектеш кабарлар