Түрк басма сөзү  14.07.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1675182
Түрк басма сөзү  14.07.2021

«Сабах» гезити «Эрдоган Кытайдын мамлекет башчысы менен сүйлөштү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Сүйлөшүүдө соода, инвестиция, энергетика, транспорт жана саламаттыкты сактоо менен бирге Түркия -  Кытай карым  - катнаштарын өнүктүрө турган кадамдар менен аймактык абалдар талкууланды. Эрдоган уйгур түрктөрүн Кытайдын тең укуктуу жарандары катары эркиндик жана тынчтык ичинде жашоосу Түркия үчүн маанилүү экендигине көңүлдөрдү бурду.

«Хүррийет» гезити «Тышкы иштер министрлиги Грецияга Галатасарай тууралуу каршылык көрсөттү» деген макаласында Олимпиакос футбол командасы менен даярдык оюндар үчүн Грециянын борбор шаары Афинага барган Галатасарай футболдук командасына аэропортто жасалган  мамиледен улам Грециянын Анкарадагы элчиси Мишель  -  Христос Даимессистин кечээ министрликке чакырылгандыгын билдирген. Даимессиске начар мамиле тууралуу нааразычылык билдирилди. Грецияга берилген нааразычылык нотасында команда кездешкен абалдын эреже тышы, бөлүүчү жана достуктан алыс экендиги белгиленди.

«Ватан» гезити «Министр Акардан Афганистан тууралуу билдирүү» деп жазып, улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Афганистандагы Хамид Карзай эл аралык аэропортунун коопсуздугу жана иштетүү тууралуу сөз сүйлөп : «Түркиянын демилгелери менен НАТОдо позитивдүү жылыштар болуп жатат. АКШнын Коргоо министри Ллойд Жеймс Остин менен макулдашылган нерселер бар. Биздин максатыбыз - афган боордошторубуздун коопсуздугуна, тынчтыгына жана жыргалчылыгына кошкон салымыбызды улантуу»,- дегенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Министр Варанк : май айындагы өнөр жай индексинин көрсөткүчтөрү биздин жогорку күтүүбүздү дагы да бекемдеди" деген маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанктын кечээ твиттер эсебинен берген маалыматында май айына байланыштуу өнөр жай өндүрүшү тууралуу маалымат бергендигин жана Варанктын : «Май айында өнөр жай өндүрүшүнүн индекси жылдык базада 40 пайызга, айлык 1, 3 пайызга өстү. Бул көрсөткүч 2021 – жылдын 2 -  чейрегиндеги жогорку өсүү күтүүлөрүбүздү дагы да күчтөндүрдү»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Греция баш калкалоочуларды  Түркияга кайтарууда» деп билдирип, Европа Биримдигинин ички иштер комиссары Ильва Йоханссондун Греция башпаанек издеген адамдарды деңизде Түркияга карай түртүп жаткандыгын белгилеп, бул “европалык негизги баалуулуктарды бузуу” деп айтканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар