Түрк басма сөзү  12. 06. 2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1673790
Түрк басма сөзү  12. 06. 2021

«Сабах» гезити «Эрдогандан Сребреница кыргыны тууралуу маалымат. Уруксат бербейбиз»  деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын Босния  -  Грецеговина кыргынынын 26 жылдыгына карата өткөрүлгөн эскерүү салтанатына жиберген видео билдирүүсүндө : «Европа жана адамзаттык тарыхынын бул кара тагынын эмне болсо болсун арткы планга түртүлүшүнө уруксат бербейбиз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Эрдоган Эл аралык Түндүк Кипр маданий жана спорт фестивалында аянтка чыгат» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдогандын Кипр Тынчтык Кыймылынын 47   жылдыгына карата Лефкошада 16 – 19 -  июль күндөрү өткөрүлө турган Эл аралык Түндүк Кипр маданий жана спорт фестивалында министрлер жана мурунку футболчулардан турган «Белгилүү адамдардын командасында» аянтка чыгарын маалымдаган. Эрдоган  оюндан мурда бүткүл дүйнөгө маанилүү маалымат берет.

«Хабер түрк» гезити «Улуттук коргоо министри Хулуси Акар грек кесиптешине каршылык көрсөттү» деген макаласында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Грециянын коргоо министри Николаос Панагиотопулостун Түркияга карата сөздөрүнө каршы чыгып : «Греция провокациялык, мыйзам билбес, өзү кол койгон келишимдерге да  баш ийбеген, чыңалууну күчөткөн мамилесин улантууда»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Мамлекеттик аба аянттарын иштетүү Европада биринчиликти алды» деп жазып, транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун Мамлекеттик аба аянттарын иштетүү боюнча аба жолун көзөмөлдөө борборунун жылдын биринчи алты айында учуу кыймылын башкарууда  Европанын башка чоң борборлорун артта калтырып биринчи орунду алгандыгын билдиргенине токтолгон.

«Стар» гезити «Түркиянын суу продукцияларын экспорттоо жаңы рекордго жетти» деген кабарында Түркиянын 2020 -  жылдын январь  -  июнь мезгилинде 457 миллион 919 000 долларлык суу продукцияларын экспорттогондугун белгилеген.  Бул жылдын ошол эле мезгилинде экспорт 42 пайызга өсүп, 649 миллион долларга жеткендигин кабарлаган.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар