Түрк басма сөзү 19.02.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1586656
Түрк басма сөзү 19.02.2021

«Йени шафак» гезити «Президент Эрдоган Путин менен сүйлөштү» деген кабарында Президент Р. Т. Эрдогандын Россиянын президенти В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн билдирген. Сүйлөшүүдө Карабах, Ливия жана Сириядагы абалдар каралды. Президент Эрдоган Карабахтагы ок атышпоонун сакталышы үчүн бардык маселелерде биргеликте аракет кылуу керектигин баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Вице  - президент Октай : «Түркияга ишенген инвесторлор кирешеге жетишет» деген маалыматында вице  - президент Фуат Октайдын акыркы айларда Түркияга өлкө тышынан 15 миллиард доллардан ашуун портфель кириши болгонун белгилеп : «Экономика жана инвестицияларды түздөн түз кызыктырган бир мыйзам реформасы күн тартибинде. Түркияга ишенген инвесторлор ушул күнгө чейин болгондой эле мындан кийин да киреше алууну улантат»,- дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити Бурсанын Гемлик районунда курулуп жаткан атамекендик автоунаа заводунун курулушу, Түркиянын Автомобилдик Ишкана Группасы (TOGG), боёк, энергетика жана инфраструктура иштеринин аяктагандыгы тууралуу маалымат берди.

«Сабах» гезити «Түрк курьер роботтору Дубайга барат» деген кабарында пандемия менен бирге курьер муктаждыгы артып, жасалма интеллект менен иштелип чыккан робот курье өндүрүүнү баштаган, борбору Стамбул болгон Delivers.ai Европанын алгачкы автомобиль тапшыруу роботу фирмасы болду. Delivers.ai роботтору жакында Дубайдын Силикон  өрөөнү деп билинген Internet City аймагында тамактарды жеткирүүдө колдонула баштайт.

«Стар» гезити «НАСАдан Салда тууралуу маалымат» деген билдирүүсүндө НАСАнын марстагы Жезеро кратеринде  турмуштук изди изилдей турган унаа Perseverancты жиберүүгө даярданып, буга окшогон бир минаралдын пайда болушу жана геологиялык түзүлүшкө ээ болгон Бурдурдагы Салда көлүндөгү изилдөөлөрдүн жыйынтыгын бөлүштү.



Тектеш кабарлар